Акыркы макалалар

ТРТнын Академиялык журналынын алгачкы саны чыкты

ТРТнын Академиялык журналынын алгачкы саны чыкты

ТРТнын Академиялык журналынын алгачкы саны чыкты. Анда түрк тили менен катар англис тилинде да макалаларды чыгарган журналда интернет аркылуу маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Түркияда радио-теле берүүлөрдүн башында турган ТРТ, визуалдык жана аудио берүүлөр менен катар басма сөздө да көп сандаган чыгарманы ортого салды. Бул тармакта Түркиянын Академиялык бөлүмдөрүнө, өндүрүмдүүлүгүнө өз ичинде жаңы тармак ачуу аркылуу эл аралык максаттары болгон рецензуралык журнал чыгарды.

ТРТ мындай иштери менен берүү секторунун көйгөйлөрүн жандандырып , бул тармакта стратегияларды өндүрүп чыгып, медиа секторунун чечим чыгаруучуларына так сунуштарды тартуулоону максат кылууда.

ТРТнын Билим берүү демартаменти тарабынан даярдалган журналдын редакторлугуна профессор М.Билал Ак бекитилген.

Аталган журналдын алгачкы саны 2016-жылы январь айында чыккан. Ал «Көңүл ачуу индустриясы» аттуу тема менен жарык көрдү. Алгачкы санында илимий макалалар менен катар академия жана медиа дүйнөсүнүн маанилүү ысымдары менен коштолгон репортаждар, китептерге сын пикирлер жана анализдер орун алган.

Ал эми журналдын 2-санын 2016-жылдын июль айында чыгаруу пландалып жатат. Андагы башкы тема «Санариптик медиа» деп тандалды.

Бул негизги теманын алкагында «Санариптик медиа жана укук», «Социалдык желелер жана интернет төңкөрүштөрү», «Санариптик маданият жана виртуалдык өздүк», «Санариптик сатуулар», «Интерактивдик берүүлөр», «Санариптик медиа жана жеке эркиндик», «Санариптик жарнама», «Санариптик дипломатия» жана башка темалар каралат.

ТРТнын академиялык журналынын 2-саны үчүн макала жиберүү 2016-жылдын 15-мартында аяктайт.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...