Акыркы макалалар

Issyknews. Ысык-Көлдө КТРКнын ишин жакшыртуу максаттында жолугушуу болуп өттү

Каракол шаарынын “Амир” мейманканасында журналисттер, бийлик өкүлдөрү жана студенттер болуп 30дай адам катышкан жыйын болуп өттү. Иш чаранын жүрүшүндө КТРК каналы боюнча чыгып жаткан берүүлөр коомчулукка кандай таасир калтыраарын жана сунуш пикирлерин айтып талкуу болду.

Иш чаранын жүрүшүндө КТРКдан чыгып жаткан берүүлөр жана байкоочу кеңештин иши жана коомдук теле радио берүү корпорациясында алты студия тууралу жыйындын катышуучуларына КТРКнын директорунун орун басар Кайрат Иманалиев маалымат берди. Андан соң катышуучулар КТРКда болуп жаткан ийгиликтер менен кемчиликтерди айтып, сунуштарын билдиришти.

Каналдын негизги максатты ар бир облустар боюнча жолугушууну өткөрүп, коомдук телерадио берүү корпарациясы менен көрөрмандар ортосундагы байланышты түзүү болгон. Бул “Internews”долбоорунун алкагында өткөрүлүдө.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...