Акыркы макалалар

Айрым бир мектептин окуучу кыздары кош бойлуу деген маалымат туура эмес

Айрым бир мектептин  окуучу кыздары кош бойлуу деген маалымат туура эмес

Ысык - Көл районуна караштуу Темир айылындагы Эркин Керимгазиев орто мектебинин 9 - 10 - 11 - класстарында окуган окуучу кыздары кош бойлуу болуп калышкан деген маалыматтар тараган.

Анда алты кыз кош бойлуу болуп, бирок арасында мугалимдердин кыздары да болгондуктан алардыкы жабылуу аяк бойдон калган. Ал эми 11 - класстын үч кызынын бири турмушка чыгып, экөөсүн 25 - майда акыркы коңгуроодо алып кетишмек болушкан, - деп берилген.

Бул боюнча райондук билим берүү башкармалыгы маалымат берүүдөн баш тартты. Ал эми билим берүү жана илим министрлигинин маалымат катчысы Керез Жукеева тараган маалыматтарды туура эмес деп билдирди.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...