Акыркы макалалар

Экстремисттик материалдарды камтыган сайттарга бөгөт коюлат

Аталган мыйзам долбоору бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда биринчи окууда каралды. Унаа жана байланыш министринин орун басары Улан Уезбаев экстремисттик материалды камтыган сайттарга прокуранын көрсөтмөсү менен 3-5 күндүн ичинде чектөө киргизилерин айтты.

- Сотко чейин эле прокурордун көрсөтмөсү менен экстремисттик материалдарды камтыган сайт министрлик тарабынан өчүрүлөт. Эгерде сот экспертиза туура эмес чыкканын айтса, сайт кайрадан жанданат.

Депутаттардын басымдуу бөлүгү «экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө» мыйзамын бүгүнкү күндө зарыл экенин айтышып, ошол эле учурда экинчи окууга дагы толукталып келүү керек деген пикирлерин белгилешти.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...