Акыркы макалалар

12 - 17 жашар өспүрүмдөр арасында бойдон алдыруу көп катталууда

12 - 17 жашар өспүрүмдөр арасында бойдон алдыруу көп катталууда

Кыргызстанда жыл сайын 12 - 17 жаш өспүрүмдөр арасында бойдон алдыруу 1,2 миңге жеткен. Бул тууралуу маалымат жыйында “Демократиялык процесстерди изилдөө” борборунун төрайымы Лариса Илибезова билдирген. Бул боюнча биз КРнын эне жана баланы коргоо улуттук бөлүмүнүн жетекчиси Эльмира Максутовага кайрылдык. Анын айтуусунда, мындай көрүнүштөр окуучулардын арасында заманбап бааланууда. Алар үчүн көйгөй деле эмес. Бул маселе эч кимди кызыктырбайт.

Ошондой эле Кыргызстан дин башкармалыгынын орун басары Равшан Эратов "Бул коом арасында эң чоң көйгөйлөрдүн бири. Азыркы мезгилде жаштар, ата - эненин толук кандуу көзөмөлүндө болбой жаткандыгы себептүү болууда" деген пикирин билдирди.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...