Акыркы макалалар

Депутаттар Т.Сариев менен бирге чек ара маселесин талкуулашты

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 23-мартта Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев баштаган Өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуп, кыргыз-өзбек чек арасында түзүлгөн кырдаал боюнча пикир алышты. Бул тууралуу, Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канатбек Исаев, “Бир бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов, КСДП фракциясынын лидеринин орун басары Төрөбай Зулпукаров, Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Алмазбек Баатырбеков, Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчиси Радбек Ешмамбетов, КР Ички иштер министри Мелис Турганбаев, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшөнбиев жана Өкмөттүн чек араларды делимитациялоо маселеси боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров катышты.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев баштаган Өкмөт мүчөлөрү кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал боюнча Өкмөт тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кенен маалымат беришти. Жогорку Кеңештин депутаттары кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаалды жайгаруу, андан чыгуунун жолдоруна байланышкан суроолорду узатышты.

Ошондой эле жалпы коомчулукка кыргыз-өзбек чек арасындагы абал боюнча өз убагында маалымат берип туруу, чек араны коргоодо баардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу жаатында сунуштарды берип, КР Президентинин жана Өкмөттүн мамлекеттик чек араны кайтаруу жана чек ара коопсуздугун камсыз кылуу багытында саясатын ар тараптан колдоого алууга даяр экендигин билдиришти.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...