Акыркы макалалар

Ишембилик беттин мейманы Кожогелди Култегин: «Жусуп Баласагын бүтүндөй Түрк дүйнөсү үчүн маанилүү»

Ишембилик беттин мейманы Кожогелди Култегин: «Жусуп Баласагын бүтүндөй Түрк дүйнөсү үчүн маанилүү»

Кабарчыбыз Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү Кожогелди Култегин менен маектешкен.

-Агай, мына ушул ТҮРКСОЙго келгениңизге аз эле убакыт болду. Ушул убакыттын ичинде көптөгөн иштерди жасадыңыздар. Түрк тилдүү мамлекеттердин ортосунда кандай иштер жүрүп жатат?

- Мен келгениме бир жылдан ашты. 1 жыл 3 ай болуп калды. Бирок бул убакыттагы иштин баарын айтуу үчүн кеминде 5 саат убакыт керек. Ошондуктан мен соңку иштерге токтолгум келип жатат. Жыл соңунда кыргыздын эң атактуу инсандардын бири режиссер Төлөмүш Океевдин 80 жылдыгы боюнча Түркияда иш-чараларды жасадык. Анткени биринчиден Кыргызстандын, ал тургай Совет доорундагы эң көрүнүктүү, атактуу режиссер Төлөмүш Океев, экинчиден ал эгемендүүлүк доорунда дагы өзгөчө кызматтарды жасаганын айталы, Түркияда эгемендүү Кыргыз Республикасынын биринчи элчиси катары кызмат өтөгөн. Бул жердеги илимий-маданий эл аралык иштерди аткаруучу чөйрөлөр менен көп кызматташкан киши.

Ал эми Азербайжандын атактуу композитору Узеир Гаджибековдун туулгандыгынын 130 жылдыгына карата Мерсин шаарында Түрксой жана Азербайжандын маданият жана туризм министрлиги колдоо көрсөтүп атактуу “Көроглу” операсы коюлду. Анда дагы Кыргызстандан биздин “Абдылас Малдыбаев” атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрынын солисттери башкы ролдорду, партияларды аткарды. Маселен, Садырбек Жумашев Көруулунун, Бакыт Убыкеев Хасанкандын, Асель Бекбаева ырчы кыздын партияларын жакшы деңгээлде аткарып, ал жерде азербайжандар, казактар, башка улуттагылар, түрктөр биргелешип мыкты опера жаралды.

27-ноябрда өткөн Түрксой уюмуна мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринин туруктуу кеңешинде Түркмөнстандын Мары шаарында өттү. Ошондо 2016-жылы түрк дүйнөсүндө Жусуп Баласагындын жылы деп жарыяланды. Бул албетте, сунуш этип койсо эле жарыялана турган нерсе эмес, анткени Түрксой жалпы түрк тилдүү улуттар, элдер менен иштейт. Бул биздин азыркы эсебибизде 14 улут менен активдүү иштешип жаткан кезибиз, алардын алтоо эгемендүү мамлекеттер. 2014-жылы эле Токтогулдун 150 жылдыгы Түрксой тарабынан жарыяланды эле. Кайра 1 жылдан кийин эле кайра Кыргызстандын сунушун кабыл алууда албетте оңой боло койбойт. Бирок, абдан жакшы ийгиликтүү ишке ашты. Негизги себеп, биринчиси Жусуп Баласагын атабыз бир эле кыргыздын эмес, жалпы түрк дүйнөсүнүн улуу ойчулу, улуу акыны катары жалпы түрк дүйнөсү жана дүйнөгө белгилүү. Жалпы түрк дүйнөсүнүн сыймыгы деп алып караганда 2016-жылды “Жусуп Баласагын” жылы деп атаганга мүмкүндүк болду.

Ошол эле кезде, КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевдин 2015-жылы май айында Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы жөнүндө чыгарган кол койгон жарлыгы бар. Ошол жарлыкта Жусуп Баласагындын жалпы түрк дүйнөсүндө орду өзгөчө белгиленип көрсөтүлгөн.Ошондуктан бир эле Кыргызстандын деңгээлинде эмес, жалпы түрк дүйнөсүндө эл аралык деңгээлде белгилениши зарыл деп арыкты мурда чаап койгондуктан, биздин Түрксойдун баш катчысы Дүйсен Касеинов дагы жан дили менен колдоп турду. Туруктуу кеңеште Жусуп Баласагындын жылы деп бир добуштан кабыл алынды. Мына ушул февраль айында Жусуп Баласагын жылынын ачылыш аземи Стамбулда өттү.

Жусуп Баласагын боюнча жакынкы арада дагы иш-чаралар уланат. Март айынын 30унда Жусуп Баласагын жылынын алкагында Кыргызстанда 350 кишиден турган Кыргыз улуттук филармониянын артисттери Алматыда Абай атындагы театрда өздөрүнүн отчеттук концертин, гастролун Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арнайт. Ал жерде баш жагында Стамбулда көрсөтүлгөн сыяктуу бирок башкачараак даярданып жатышат алар. Жусуп Баласагындын образын түзгөн бир театрлаштырылган көрсөтүүлөрдү даядап жатышат.

Ошондой эле, “Аль-Фараби” атындагы Алматыдагы казак улуттук университети илимий конференция өткөргөнү жатат. Буга дагы Түрксой өзүнүн алакасын сөзсүз кошот. Мен азыр Кыргызстандын тиешелүү кишилери менен кабарлашып, сүйлөшүп жатам. Кыргызстандан дагы окумуштуулар, тиешелүү адамдардан турган чакан делегация барып катышат. Алар дагы өздөрүнүн Жусуп Баласагын боюнча илимий көз караштарын айтышат. Ошол эле кезде Ж.Баласагындын 1000 жылдыгы боюнча Кыргызстандын позициясын билдиришет. Буга чейин талаш-тартыштарды жаратып келген, мынчаны жылы туулган жана башкалар боюнча. КРнын Президентинин жарлыгында илимий негиздерди көрсөтүп жарлык чыккан.

-Кыргызстанда дагы Президентибиздин жарлыгы менен Тарых жана маданият жылы деп жарыяланбадыбы. Ушул жылга карата Түрксой кандай иш-чараларды өткөрөт?

- Бул жыл Түрксой үчүн өзгөчө жагымдуу жыл. Биринчиси Ж.Баласагын жылы деп жарыяланды. Андан кийин КРнын Президенти 2016-жылды Тарых жана маданият жылы деп жарыялады. Бул жарлыктын негизинде Кыргызстандагы эң бир өксүк, көңүл бурулуучу нерсе өз убагында болду окшойт. Түрксойдун негизги иштери, милдеттери дагы маданият менен байланышкан тарыхка байланыштуу иш-чараларды өткөрүү.

Ошол эле кезде бул 2016-жылында бир катар түрк тилдүү эгемендүү өлкөлөрдүн 25-жылдыгы. Андыктан Түрксойдун бир топ иш-чаралары ушуга байланыштуу болот. Нооруз иш-чаралары Түрскойдун салттуу иш-чаралары жыл сайын өткөрүлөт. Чындыгында Нооруз бул бизге Орто Азиядагы, Казакстандагы, бир топ элдерге эгемендүүлүк менен кайрадан калыбына келгени, бирок Түркияда Нооруз өтө күчтөнүп, жанданып элдик майрамга айлана элек. Ушунун айланасында Түрксой дайым өзүнүн иш-чарасын өткөрүп жыл сайын Түркиянын шаарларын кыдырып, түрк тилдүү элдердин ырчы-чоорчулары менен Нооруз салтанаттарын өткөрөт.

-Чыгармачылык ишиңизди улантып жатасызбы Түрксойдо?

- Мен чынын айтайын, биринчи келгенде 6-7 ай эч нерсе кыла алган жокмун. Анткени бул чөйрөгө көнүш керек. Иш көп, андан кийин дагы мындай мен үчүн чоң масесе тилди өздөштүрүп үйрөнүш керек жакшылап. Ушул маселенин тегерегинде жүрүп 7 айдай колума калем кармаган жокмун. Кийинки кездерде кадимкидей иштеп жатам.

Түркияда жакында Чанаккаледе адабий жыйынга барып катыштык, кызматкер катары дагы, жазуучу катары дагы Казакстандын Түрксойдогу өкүлү менен чогуу барып катышып Чанаккаледеги шейиттерди, тарыхый жерлердин баарын көрсөттү. Ошол жерде белгисиз жоокердин эстелиги бар. Анын тарыхы мындай:

Бир кылым мурда, тактап айтканда, 1915-жылы болгон Түркиянын Чанаккале аралындагы кызыл-кыргын Биринчи дүйнөлүк согушта эбегейсиз баатырдык менен Мекенин коргогон түрк жоокерлерине таңданбаган киши калбагандай! Ошондон улам, бир АНЗАК* аскери согушта өзү атып өлтүргөн түрк жоокеринин башын кесип, мактаныш үчүн мекенине – Австралияга алып кетиптир. Мумияланып катырылган баш 87 жыл бою ал жакта колдон-колго өтүп, жеке адамдар тарабынан сакталат. 2002-жылы илимий экзпертиза аны “түрктүн башы” деген бүтүм чыгаргандан кийин Түркияга расмий түрдө кайтарылып берилет.Түрк жоокеринин башы 2003-жылы 18-мартта мамлекеттик чоң зыяпат менен Чанаккале шейиттери жаткан аймакка коюлат. Ага белгисиз жоокер сыпатында атайын эстелик да тургузулган.

Баш-Боордошум, Баш-Жоокер, Баш-Аксакал,

башты ийип биз турабыз катар, катар!

Ойлор миң-сан, окшотуп турам сени

окко... окко... өлүмдү, ажалды атаар!

Баатырдыктын баш-отун сактап калып,

барат Мезгил баарысын каптап-жарып.

Чекит боло тургансып согуштарга

жер кездиң сен денеңди таштап салып!

АНЗАК*– “Australian and New Zealand Army Corps” – деген англисче сөздөрдүн баш тамгалары (ANZAC). Кыргызча котормосу – Автралия жана Жаңы Зелландия Армиялык Корпусу.

Түнөргөнүң – түрктөрдүн өчү чыгаар,

түпкүрдөйсүң – түгөнбөс сөзү сыяар.

Жадагыча жүрдүңбү жер үстүндө

жашайм деген каалооңдун өзү сымал?!

Ырас, Мезгил тургансыйт ырды акмалап,

ырды сакташ үчүн да ый сакталат.

Учуп жаткан ирмемдер өтчү тура

утур-утур өзүңдү кылчак карап.

Топтолгон эл билмекпи – тулкуң кандай?

Тоголонуп берипсиң – умтулгандай!

Бир бурчунда Батыштын сакталыпсың

бир бурчунда “мээсинин” түрк тургандай...

Унчукпастан сүйлөйсүң муңдашыңа,

улуу, кичүү – окшош бүт курдашыңа.

“Баз-з-з!” этип бир бомбадай жарылсам деп –

баш тарттыңбы Тынчтыктын урматына?!

Түңүлбөйт эч, түшпөйт эч дээри бийик!

Түгөнбөйт эч жатса да кемирилип.

Баатырдык ко – өзүңдү тиктеткениң

Батышты сен эңкейтип... белин ийип...

...Ушунчалык тартылдым алактап-ээ,

учакта мен баратам карап дале –

чарт кесилип ташталган ошол баштай

Чанаккале аралы, Чанаккале...

-Рахмат, абдан сонун жазыпсыз.

-Түркияга байланыштуу бир топ ырлар жазылып жатат. Чыгармачылык жүрүп жатат.

-Китеп болуп чыга элекпи?

- Китеп болуп чыга элек. Түркия боюнча өзүнчө чыгарылат. Жазуу иштери жүрүп жатат. Чыгармачыл адам айрыкча жазуучу адам чөйрөнү которуп турганы жакшы болот да. Мисалы, бир бөлмөдө мындай турган эмеректерди алмаштырып койсо деле башкача боло түшөт. Ал эми жазуу киши жер которуп турса жаңы аалам, жаңы темалар ачылат. Ошондуктан Түркияга келишим бир эле Түрксой милдетинен аткаруудан сырткары дагы кыргызы үчүн Түркия темасын ачып ыр жазууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

-Буга чейин Алыкул Осмоновдун китебин басып чыгарган экенсиз.

- Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгын Түрксой белгилебей койсо болбойт. Анткени Кыргызстан Түрксойду негиздеген өзгөчө демилгечи болгон 4 өлкөнүн бири. Алыкулдун юбилейин КРнын атайын токтому менен Кыргызстанда белгилеп жатса, Түрксой бул жерде иш кылбай калса болбойт. Катуу позиция менен иштеп калдык. Алыкулдун мыкты ырларын тандалмаларын түркчөгө которуп китеп чыгаралык дедик. Мыкты таптакыр өлбөй турган, жашай турган ырларын тандап, Алыкул сыйлыгынын ээси катары атайын тизмелеп чыктым. Түркиянын илим жаатындагы түркчөнү мыкты билген жаштар сөзмө сөз котормолорун жасап беришти.

Акыры Алыкулдун чакан ырынын аты менен коюлган китебин чыгарттык. Бүгүнкү күндө түрк тилине которулуп жаткан башка улуттардын поэзиясын карап отуруп айтаар элем биз чакан китеп чыгарганыбыз менен Алыкулдун кайсы юбилейи болсо да кайрадан басыла турган чакан китебин чыгарып койдук. Түрксой Алыкул боюнча милдетинен кутулду деп ойлойм.

-Акын катары түрк акындарынын чыгармалары менен таанышып көрдүңүзбү?

- Биз эми жаш кезден Назым Хикметти аябай сүйүп окуп, Назым Хикмет боюнча сөздөр дагы көп болоор эле. Орусчасынан түркчөсүнө которгон китеби да чыккан. Карап көрүп айрым нерселерге таң калдым. Кыргызча менен түркчө дал өзүндөй турат. Орустар ушунчалык дал өзүндөй которгон. Ошого таң калдым. Айрым котормолорду түп нускага карата оңдошутуруп жатам. Планым бар, түрктүн мыкты акындарынын чыгармаларын кыргызчага которгонго.

Маектешкен Рахат Саламатова, “Кабар”

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...