Акыркы макалалар

Сирияга кетүү максатында Түркияга кеткен 10 баланын бири Кыргызстанга кайтып келди

Сирияга кетүү максатында Түркияга кеткен 10 баланын бири Кыргызстанга кайтып келди

Сирияга согушка барабыз деп кеткен Баткен облусунун Кызыл - Кыя шаарынын 1978 - жылы туулган тургуну Кыргызстанга Түркиядан кайтып келди. Аэропорттон түшкөндө аталган атуулду Улуттук Коопсуздук Кызматы суракка алганда, Түркияга дааватка барганбыз дегенден башка маалымат берген эмес. Аталган мамлекетке Кызыл - Кыянын 10 тургуну кетишкен жана ата - энесине телефон чалып, Сирияга согушка барабыз, эгер кайтпай калсак шейит кетти деп билгиле дешкен. Ал эми ата - энелер ЖК депутаты Өмүрбек Бакировго жардам сурап кайрылышып, эл өкүлү менен эки ата - эне Түркияга балдарын алып келүү максатында барышкан. Ал жактан Стамбулдун баш прокурору жана укук коргоо органдары менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, алар тараптан Түркия жана Сирия чектешкен чек арага катуу көзөмөл жүргүзүүлөрү айтылган.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...