Акыркы макалалар

«Ош шамы» гезитинен 50 миң сом талап кылынууда

Ош шаарындагы № 41 балдар бакчасынын жетекчиси Бактыгүл Сулайманова жергиликтүү «Ош шамы» гезитинин кабарчылары Назгүл Абдыразакова менен Сакчыбек Маматисаевдин үстүнөн сотко арыз жазып, 50 миң сом талап кылууда.

Арыздын себеби аталган басылмада «Жоопкерчиликсиз жетекчилер, абайлагыла» аттуу макала. Анда бала бакчаларды текшерүү үчүн жергиликтүү кеңеш тарабынан атайын түзүлгөн комиссия №41 балдар бакчасына барганда жетекчиси кызмат учурунда ичимдик ичкен абалында олтургандыгы жана мекемедеги санитардык абал начар экендиги жазылган. Макаланын автору Н.Абдыразакова: “Мен өзүм да ошол комиссиянын мүчөлөрүнүн бири болгом. Чындыгында ал кызмат учурунда алкоголдук ичимдик ичип жүргөнүн өз көзүм менен көргөм, аны өзү да мойнуна алып, ошол күнү 2-апрелде туулган күнү экени менен түшүндүргөн. Текшерүү учурунда санитардык абал начар экенин көрүп комиссиянын мүчөлөрү атайын акт түзгөнбүз. Ошол күнү бала бакчада эт да жок экен. Керек болсо бакчанын жетекчиси комиссия мүчөлөрүнө пара сунуштаган, биз баш тартканбыз. Бул боюнча атайын акт түзүлүп, Билим берүү башкармалыгына да жөнөтүлгөн, биз ошол протоколдун негизинде макаланы жарыялаганбыз»,-дейт кабарчы. Ал эми Б.Сулайманова булардын баарын жокко чыгарып, макала адамдык абийирге шек келтирди деген күнөө менен журналисттерди сотко берген. Сот жараяны белгилүү себептер менен 22-майда өтөт.

ЗЫЙНАТ ИБРАЙИМОВА, ОШ

17.05.2013, №19

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...