Акыркы макалалар

Issyknews. Ысык-Көлдө сугат ишин жакшыртуу үчүн жаңы орнотмолор сунуш кылынууда

Облуста сугат жерлерди сугарууда, суунун көбү отоо чөптөргө кетип, чоң чыгым алып келүүдө. Мындан улам эгин талааларды жаңы орнотмо аркылуу тамчылатуу жолу менен сугарууну дыйкандарга Ысык-Көл облустук маркетинг борбору сунушташууда. Бул тууралу аталган борбордун директору Аскар Сулайманов билдирди.

Анын маалыматында быйылтан баштап тамчылатып сугаруу боюнча агрегаттар каралууда: “Эгер облустун фермерлери сунушка макулдугун билдиришсе Кытайда жана Европада чыгарылып жаткан атайын жерлерди тамчылатып сугаруу установкалары алып келебиз. Быйыл кызыккандардан болуп 10 пайыз адамды түзүүдө. Ал эми толугу менен февраль айынан баштап сунушталат.”- дейт А.Сулайманов. Мындан сырткары Европалык системада чыгарылган тамчылатып сугаруучу орнотмонун баасы 1 гектар аянтка 3 миң долларды түзсө, Германиянын башкармалыгы менен Кытайда чыгарылуучу аппараттын баасы 1 гектар аянтка 2 миң долларды түзөөрүн кошумчалады ал.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...