Акыркы макалалар

Кыргызстанда бензиндин баасы кымбаттады

Кыргызстанда бензиндин баасы кымбаттады

Бүгүнтөн тартып республиканын баардык аймактарында АИ-92, АИ-95 жана АИ-98 маркасындагы бензиндин баасы 1 сомго жогорулады. Бензиндин башка маркаларына жана дизель отунуна карата баалар мурдагы деңгээлинде калды. Бул тууралуу Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынан кабарлашты.

Күйүүчү-майлоочу майга карата чекене баанын кымбатташы Россиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдорунда күйүүчү отунга карата сезондук суроо-талаптын көбөйүшүнө байланыштуу болгон.

Учурда Бишкек шаары боюнча АИ-92 үлгүсүндөгү бензин — 35, АИ-95 — 38 жана АИ-98 — 43 сомдон сатылууда. Ал эми Ош шаарында АИ-92 үлгүсүндөгү бензин — 37,5, АИ-95 — 40,5 сом болууда.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...