Акыркы макалалар

Түркияда Кыргызстандын жасалма паспорту менен уйгур улутундагы 98 жаран кармалды

Стамбулда “Ататүрк” аэропортунда Кыргызстандын жасалма паспорту менен уйгур улутундагы 98 жаран кармалды. Бул тууралуу Түркиянын “Хаберлер” басылмасы билдирди.

Алардын документтерин текшергенде Кыргызстандын жасалма паспортун алып жүргөн уйгур улутундагы кытайлык жарандар болуп чыккан. Бул топ Сауд Аравияга учууга аракет кылган. Алар 16-майда Үрүмчүдөн Түркияга учуп келишкен. Түркияга учуп келген уйгурлар аэропортто Түндүк Кипрге учуу үчүн билет алып, паспорттук текшерүүдөн өтүшкөн. Алар транзиттик зонада 4 кишиден жасалма паспортторду жана Сауд Аравияга учак билеттерин алышкан. Уйгурлар ар бир жасалма паспорт үчүн 2 500 евро жана билеттер үчүн 300 доллардан төлөшкөн. Иликтөө иштери бүткөндөн кийин 98 уйгур Кытайга депортацияланат.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...