Акыркы макалалар

Кытай өндүрүш ишканаларын Кыргызстанга көчүрүү тууралуу демилгени колдоду

Кытай өндүрүш ишканаларын Кыргызстанга көчүрүү тууралуу демилгени колдоду

Кыргызстандын Экономика министрлигинен кабарлангандай, кытай тарап өз өндүрүш ишканаларын Кыргызстандын аймагына көчүрүү тууралуу Бишкектин демилгесине оң жооп берди.

Министрликтин бөлүм башчысы Зайнидин Жумалиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, жакынкы убакта Кытайдан атайын жумушчу делегациясынын келиши күтүлүүдө.

- Биз Кытайдын ишкерлерине бир катар өзүбүздө токтоп турган завод, фабрикаларды көрсөтөлү деп жатабыз. Алсак, Беловодскидеги кант жана жүгөрүнү кайра иштетүүчү заводдор токтоп турат. Токмоктогу кирпич жана бир катар заводдор бар, ушундай эле иштебей турган ишканалар Ысык-Көлдө дагы бар. Биз булардын бардыгын кытайлык ишкерлерге көрсөтүп, алар кайсынысына инвестиция жасай турганын өздөрү чечишет.

Кытайдан өнөр жай ишканаларын Кыргызстанга көчүрүп келүү демилгеси 2015-жылы премьер-министр Темир Сариевдин Бээжинге иш сапары учурунда көтөрүлгөн.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...