Акыркы макалалар

Абдрахманов: "Көчмөндөр оюндары башка өлкөлөрдө өтсө механизми толук ишке кирет"

Абдрахманов: "Көчмөндөр оюндары башка өлкөлөрдө өтсө механизми толук ишке кирет"

Эми бул иш-чараны бекемдеп, "бул оюндарды кыргыздар баштаган, кыргыздардын оюну" деген нерсени калтырыш керек. Анткени бул оюндар кайсы мамлекетте өткөрүлбөсүн, кыргыздын аты чыгып турат. Эми кийинки оюндар башка мамлекеттерде өтсө, өзүбүздү мындан дагы көбүрөөк таанытууга шарттар түзүлүп, бул механизм толук ишке кирмек, - дейт Абдрахманов.

"Кабар даамынын" бүгүнкү чыгарылышында II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата даярдыктар тууралуу сөз кылдык. Бул боюнча Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү катчылыгынын этномаданият боюнча координатору Улан Абдрахманов маалымат берди.

Иш-чараны өткөрүүгө 700 ыктыярчы керек

- Көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча катчылыктын иши бүгүнкү күндө толук кандуу жүрүп жатат. Өзгөчө башка мамлекеттер менен алака түзүп, келе турган коноктордун санын тактоо жана аларды жайгаштыруу иштери боюнча даярдыктар көрүлүүдө. Буга чейин оюндарга 40 өлкөдөн келет деп күтүп жатсак, катышабыз дегендердин саны абдан көп болууда. Ошолордун баарын аэропорттон баштап тосуп алып, жайгаштырып, кайра кеткенче толук шарттарды түзүп беришибиз керек. Келген коноктордун баарын батыруу маселеси бар. Бул боюнча Көлдөгү Кырчынга, ат майданга жакын пансионаттар менен сүйлөшүп атабыз. Спортчуларды дагы жайгаштырууга орундар жетиштүү, бул жагынан маселе жаралбайт. Атайын автобустар каралган, эл ташыганга. Сырттан келген конокторду тейлөө үчүн атайын ыктыярчылар тартылат. Иш-чараны өткөрүүгө жалпысынан 700 ыктыярчы керек. Алардын беш жүзүнө бий өнөрүнө шыктуулар тандалат, иш-чаранын ачылышына жана жабылыш аземине керек. Ал эми эки жүз ыктыярчы тил билгендерден тандалып алынган. Алар сырттан келген конокторду аэропорттон тосуп алып, кеткиче жандарында коштоп жүрөт. Учурда аларга иш-чара боюнча тааныштырып, жүрүм-турум маданияты боюнча окутулуп атат.

Башында бул иш-чараны өткөрүүгө демөөрчү издеп кыйналабыз го деп ойлогонбуз. Бүгүнкү күндө демөөрчүлөр абдан көп, «Мегаком», «Шоро», «Аю» сыяктуу чоң-чоң жана майда компаниялар бар. Алардын арасында негизги демөөрчү болууга аракет кылгандар бар. Каржылоосуна жараша премиум, расмий, жөнөкөй демөөрчүлөр деп бөлүнгөн.

Ат майдан оюндарга чейин бүтөөрүнө ишендирип жатышат

- Чолпон-Атада француз курулушчулары тараптан эл аралык стандарттарга жооп бере турган, 10 миң орунга ылайыкталган ат майдан курулуп жатат. Буга чейин ат майдан оюндарга чейин бүтпөй калат деген дагы коркунучтар болгон. Бирок, курулушчулар жетишип, толук кандуу бүтүрөбүз деп убада берүүдө. Бул ат майдан келечекте көп пайда алып келе турган эл аралык долбоор болуп саналат. Орто Азия боюнча биринчи жолу салынып жаткандыктан, тескерисинче бизге каражат алып келе турган ат майдан болуп калат.

Көчмөндөр оюндары тарыхый, маданий жактан, өзгөчө экономикага чоң пайда алып келе турган долбоор болуп саналат

- Дүйнөлүк олимпиадалык оюндарга көптөгөн спорттук оюндар кирбей калган. Кыргыз элинин эле 250-300гө жакын оюндары бар. Ошолордун баарын көчмөндөр оюндарына камтып, 2014-жылы дүйнө элдерине бир жолу жарнамалык негизде көрсөттүк. Ошондон кийин бул оюндарга кызыккандардын саны арбыды. Өзгөчө артына от күйгүзүп чаап бара жаткан чабандестин сүрөтү, видеосу ошол жылдагы мыкты кадр деп табылган. Ал канчалаган дүйнөлүк гезит-журналдарга жарыяланды. Көчмөндөр оюндары менен кыргыз эли дүйнөгө таанылды. Эми бул иш-чараны бекемдеп, ушул оюндардын бардыгы өзүнүн идеологиясы менен "муну кыргыздар баштаган, кыргыздардын оюну" деген нерсени калтырыш керек. Анткени кийин бул оюндар кайсы мамлекетте өткөрүлбөсүн, кыргыздын аты чыгып турат. Быйыл 23 оюндун түрү боюнча мелдештер өтөт. Кийинчерээк дагы оюндар менен толукталып, акырындап бул долбоор бышып, жетилет. Бул иш-чара көптөгөн мамлекеттердин ынтымагына себепчи болуп, бири-биринин маданиятын, тарыхын таанытууга мүмкүнчүлүк түзөт. Эми кийинки оюндар башка мамлекеттерде өтсө, өзүбүздү мындан дагы көбүрөөк таанытууга шарттар түзүлүп, бул механизм толук ишке кирмек. Бул долбоорду жалпы эл колдоп, жогорку деңгээлде өткөрүп алышыбыз керек. Тарыхый, маданий жактан, өзгөчө экономикага чоң пайда алып келе турган долбоор болуп саналат. Жүзүбүздү дүйнөгө жакшы жагынан көрсөтүп алышыбыз зарыл.

Арабдар, индеецтер Кырчында өзүлөрүнүн маданиятын чагылдырууга кызыктар

- Маданий бөлүктүн негизгилери Кырчын жайлоосунда болот. Ал жерге автоунааларды дагы киргизбей, атайын кыргыз айылын чагылдырган этношаарча курулат. Балбал таштар менен ачык асман алдында музейлерди уюштуруп, аны келечекте чоң бир долбоорго айлантсак деген үмүттөр бар. Кырчында кыргыздын кол өнөрчүлүгү, боз үйдүн жасалгалары, улуттук оюндар, чоң оюндардан ордо, узакка ат чабуу ошол жакта өтө турган болуп атат. Ошондой эле, башка мамлекеттерден, мисалга, индеецтер өзүлөрүнүн алачыктарын тигип, маданиятын көрсөтөлү деген сунуштарын берип жатат. Араб мамлекеттеринен төөлөрдү алып келип, төө жарыш уюштурсак деген сунуштар бар.

Ал эми калыстар тобу боюнча көйгөй жаралбайт деп ойлойбуз. Биринчи оюндарды өткөргөндө чукул болгондуктан, кээ бир маселелер чийки болуп калган. Бул жолу калыстар тобу кылдат тандалып жатат. Анын ичинде оюндарга катыша турган өлкөлөрдөн сырткаркы байкоочу мамлекеттерден дагы калыстар тобунун курамына кошулат.

Автор: Каныкей Бозгунова

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...