Акыркы макалалар

Афганистандын туруктуулугу жана аймактык кызматташтыгы

АЙДЫН ПАЗАРЖЫ

2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук кол салуудан кийин Афганистанда НАТО Аль-Каида террордук уюмуна жана ошол кезде мамлекетке ээлик кылган талибан режимине каршы күрөштү. Ошентип Афганистан жаңы процесске кирди. Бул процесс башкача айтканда НАТОнун максаты менен аталган өлкөдө дүйнөгө интеграция жана эл аралык коомчулук менен кызматташа ала турган стабилдүү мамлекеттик механизм курулду. Афганистандын өкмөтү өлкөгө канчалык деңгээлде ээ боло алары учурда талаш жаратууда. Айрыкча бүгүнкү күндө талибандар мамлекеттин түштүк жана батышында дале күчтүү жана таасирдүү болуп турганы тынчсыздандырууну жаратат. Мындан улам 2014-жылы НАТОнун аскерий миссиясынын аяктай тургандыгы НАТО мүчөлөрүн эле эмес, Афганистандын туруктуулугуна кызыкдар Орусия, Кытай, Индия мамлекеттеринде да маанилүү бурулуш болорунан белги берүүдө. Андыктан Афганистанда террордук жана эл аралык кылмыш уюмдарына бөгөт кое турган туруктуу мамлекеттик механизм куруу үчүн эл аралык коомчулук тынчтыкты, жарашууну сунуштоодо.

ЖАЛПЫБЫЗДЫ ТЫНЧСЫЗДАНДЫРГАНДАР (ОРТОК ТЫНЧСЫЗДАНУУЛАР)

Эл аралык коомчулук Афганистан террорчулуктун борбору болбошу үчүн жарашуу зарылдыгын айтышат. Ал үчүн экономиканы өнүктүрүүгө керектүү кадамдар жасалып, террорчулуктун саясий жана экономикалык түзүлүшүн жок кылууга жалпы аракет жасалышы керек. Экинчи жалпы маселе баңгизат соодасы болуп саналат. Бул да террор сыяктуу Афганистандын экономикасында барган сайын өнүгүп барат. Ал эми бүтүндөй элди ойлондурган үчүнчү маселе “Талибан”, “Аль-Каида” жана “Салафит” сыяктуу террордук булактардын Афганистандын, аймактын стабилдүүлүгүн бузуп жатканы. Аймактык жана глобалдык көз караштар боюнча бул үч эң негизги булак ынтымакка келүү, сүйлөшүү десе болот. Бирок бул көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун, ыкмаларын издей келгенде түрдүү келишпестиктер жаралат. Маселен айрым мамлекеттер башкаларын көйгөйдүн чечилишине жеткиликтүү колдоо бербегендиги, ал тургай чечүүгө тоскоолдук жараткандыгы менен күнөлөшүүдө. Аймактык жана глобалдык мамлекеттердин Афганистанга мамилелерин кыскача төмөндөгүдөй жыйынтыктоого болот.

АФГАНИСТАН

НАТО күчтүү тактикалык куралдарын калтырып Афганистандан чыгат. Афган армиясынын абада ташуу флоту абдан начар абалда. Ошондой болсо да армиянын приоритети ичтен чыккан коркунучтарды алдын алуу болуп саналат. Ошол эле мезгилде коңшуларынын бардыгы Афганистандан аскерий жана экономикалык потенциалы жагынан жогору турат. Демек Афганистан бардык кошуналары жана глобалдык күчтөр менен кызматташууга аргасыз. Өлкөдө улуттук экономиканын курулушу чоң мааниге ээ. Афганистан паракорулук менен таасирдүү күрөшүп экономикалык булактарын үнөмдүү пайдаланышы зарыл.

Бирок НАТО 12 жыл болсо деле Афганистанда башкы стратегиялык баланс өзгөрбөй, өлкөдө “Аль-Каида” менен “Талибан” дале коркунучтуу бойдон калууда. Афган бийлигинин оюнда Пакистан талибандар аркылуу Афганистанда өз пайдасына согуш жүргүзүүдө. Ага каражатты Сауд Аравия бергени менен адамдар, акча жана материалдар Пакистан аркылуу киргизилет.

ПАКИСТАН

Бул өлкө Афганистан үчүн дарттуу мамлекет. Ал эми Пакистан үчүн Афганистан кандайдыр бир соода же саясий тема эле эмес экзистенциалдуу мааниге ээ. 1980-жылы Афганистан Советтер Союзун көзөмөлүнө алынышы менен Пакистанда дестабилизация процесси башталган. Андай абалды ошол кезде можахеддерге колдоо көрсөткөн Сауд Аравиядан келген салафит топтору жаратып, Пакистанда Сауд Аравия колдогон медреселер ачылат. Алар жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарына жардам берүү жана билим алуусун толук каржылоо убадасы менен үй-бүлөлөрүнөн толук ажыраткандыгы, алардын психологиясын өзгөрткөндүгү айтылып келет. Айрыкча Пакистандын алыскы айылдарындагы көп балалуу жакыр үй-бүлөлөр бир-эки баласын медреселерге берип бир жагынан материалдык жактан жеңилдесе, экинчиден балдары үчүн жакшы иш жасадык деп ойлошкон. Бирок террорду уюштурган согушкерлер жана жанкечтилер ошол үй-бүлөлөрүнөн ажыраган балдардан чыгууда.

11-сентябрдан мурда Пакистан талибан режими, “Аль-Каида” менен байланыш үзүүгө аракет кылган. Бирок ийгиликке жетишкен эмес. Пакистандыктар өлкөсүнүн талибан режими менен жалпы кызыкчылыгы болбогондугун, алар мүмкүн болушунча афган бийлиги менен мамиле түзүүгө аракеттенерин, бирок, Афган тараптан жетишээрлик колдоо таба албагандыгын билдиришет.

Пакистанда талибан жана “Аль-Каидага” байланышкан террордук уюмдар мамлекеттин эң ири кара жол, аба жана деңиз базаларына кол салууларды уюштургандыгы айтылат. Ошондой эле өлкөдөгү пуштунистан идеялары Афганистандан жайылганын белгилешкен. Пакистандыктардын ою боюнча талибан системага кошулбаса 2012-жылдан кийин Афганистанда ич ара согуш чыгары көрүнүүдө. Булардан тышкары Пакистан Иран сыяктуу афганистандык качкындардын жүгүн көтөргөн өлкө болуп, 1980-жылдан бери бир миллиондон ашуун качкынды өзүнө алган. Чек ара көзөмөлү толугу менен жүрбөгөндүктөн учурда аталган өлкөдө канча афган качкын жашары тактала элек.

ИРАН

Иран Афганистандын келечегине таасирдүү мамлекеттердин бири. Иранда да качып келген бир миллиондон ашык афган жашайт. Бул өлкө үчүн да Афганистан аркылуу келген террорчулук жана баңгизат соодасы чоң коркунуч жаратат.

Ирандыктар Афганистанга 1980-жылдардагы Советтик армиянын кириши сыяктуу 2001-жылдан кийин НАТОнун кийлигишүүсүн чет элдиктердин басып алуусу катары көрүшөт. Ошондой эле НАТОнун атына жамынып басып алган америкалыктардын өлкөдөн чыгышын талап кылат. Бирок ирандыктар Иракка жасагандай эле Афганистан боюнча да америкалыктар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кызматташтыкка барарын айтышат.

Иран тил жана маданият багытында Афганистанга таасир этүүгө артыкчылыгы бар. Бирок Тегерандын хазарларга жүргүзгөн шиит тилектештигинен улам Афганистанда бардык топтор менен жакшы мамиле куруу мүмкүнчүлүгүн пайдалана албагандыгы көрүнүп турат. Афганистанда өзгөчө Иран жана Пакистанга каршы жооп бар. Ал, Ирандын Афганистанга басым жасоого аракет кылганы жана шиит хазарлары саясат жүргүзгөнү менен түшүндүрүлөт.

ОРТО АЗИЯ МАМЛЕКЕТТЕРИ

Түркмөнстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Казакстандын Афганистан боюнча саясаттары бири-бирине окшош. Орто Азия мамлекеттери Афганистандын тез арада саясий туруктуулукка жетишин жана жолдору, түтүк линиялары аркылуу соода борборуна айланышын каалайт. Афганистанды борборлогон баңги соодасы жана радикалдык уюмдар Орто Азия мамлекеттеринин туруктуулугуна тереңден таасир этет. Маселен салафит топтору Афганистан аркылуу Орто Азия мамлекеттерине кирүүдө. Ал гана эмес радикалдуу диний агымдар Афганистан менен чек аралары тактала элек Казакстан менен Кыргызстандын тынчын кетирүүдө.

ОРУСИЯ

Орусия Афганистанда өндүрүлгөн баңгизатынан эң көп жабыркаган өлкөлөрдүн бири. Алар орус жаштарына түздөн-түз таасир эткен баңги трафигин толугу менен кыскартууну каалашат. Айрыкча Москва Талибан тарабынан колдоо көрсөтүлгөн салафит топтору Орусия Федерациясындагы мусулман элдер арасында таасирдүү болушунан тынчсызданат. Орустар Афганистан боюнча бардык мамлекеттер менен келишимге жетишүүнү кааларын, бирок, батыш өлкөлөрүнүн таңуулоолорун кабыл албай тургандыгын билдирип келет.

ИНДИЯ

Индия Афганистанга таасирдүү болууну самаган аймактык да, глобалдык да мамлекеттердин бири. Индия өзгөчө Афганистандын экономикасын өнүктүрүүгө колдоо көрсөткүсү келет. Жаңы Дели Афганистандын Орто Азия менен Түштүк Азия ортосунда соода көпүрөсү болууну, ал аркылуу тарыхый Жибек Жолун кайрадан жандандырууну сунуштоодо. Ошондой эле Каспий энергия булактарын Афганистан аркылуу Түштүк Азияга жеткирүүнү каалашат. Мындан тышкары Афганистандагы элди ынтымака келтирүү процессине колдоо көрсөтүүгө ниет кылууда. Индиялыктар өздөрүнүн маданияты жана демократиясы Афганистандын келечеги үчүн модель болорун ойлошууда.

Афганистан менен түздөн-түз чектешпеген Индиянын эң чоң гандикапы (күчтүүлөргө теңөө максаты менен начарларга берилген жеңилдик) бул боюнча Пакистан менен түшүнүшүүгө аргасыз болгондугу. Жаңы Делинин Кабул менен өнүктүрө турган экономика жана соода мамилелеринин тагдыры Исламабад бере турган логистикалык колдоого байланыштуу. Бул абалдан кабардар болуп турган Индия Афганистан менен мамилелерин бекемдөө менен бирге, Пакистандын сезимдерин, баамын эске алуу аракетин көрүүдө. Ал эми Пакистан болсо Индия Афганистанга өзүнүн таасирин арттырууга аракеттенип жатканын, Афганистанда саясий жана интеллектуалдык сапаттагы көп сандаган ишмердүүлүктөрдү жүргүзүп жаткандыгын билдирүүдө.

АКШ

Америкалыктар 2014-жылы НАТО күчтөрү менен бирге Америка күчтөрү Афганистандан толугу менен чыгарын, өлкөдө дайымкы аскердик база калтыруу тууралуу ойлору жок экенин айтышууда. Афганистанды 2001-жылдан бери башкы коопсуздук менен камсыз кылган америкалык аскерлеринин чыга тургандыгы негизинен афгандарды эле эмес, бир топ аймактык жана глобалдык мамлекеттерди ойлондурууда. Ошондой эле Афган армиясынын бүтүндүгүн коргоо, талибан менен күрөшүү жөндөмүнө ээ же ээ боло албай тургандыгы талкууга алынууда. Айрыкча Афганистанда эл аралык ынтымак канчалык деңгээлде түзүлөрү, өлкөдөгү топтор ортосунда ички согуш чыгарбоону алдын алуу маанилүү болууда. Америкалыктар жалпысынан Афганистандын келечегинен үмүттөрү бар. Ошондой эле Афган өкмөтү жана армиясы өлкөнүн ынтымагын жана туруктуулугун коргой ала тургандыгын ойлошууда.

ТУРУКТУУЛУК БОЛУШУ МҮМКҮНБҮ?

Бишкек шаарында 27-28-майда өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин расмий эмес саммити өттү. ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчылары катышкан жыйындын негизги күн тартибинде НАТО коалициялык күчтөрүнүн 2014-жылы Афганистандан чыгары менен аймактын туруктуулугуна коркунуч жарата турган баңги аткезчилиги, качкындар, экстремисттик топтордун жайылышы жана тажик-афган чек ара коопсуздугу каралды.

Буларды карап отуруп аймактык жана глобалдык мамлекеттердин ою Афганистанда сөзсүз түрдө стабилдүүлүк жана ынтымактуу өлкө баалуулугун сактоо. Бирок бул иштер кандайча ишке ашырылары баш адашаары билинип турат. Бардык мамлекеттердин өз билгениндей жол карталары бар. Ал эми орток, жалпы жол картасына жетүү азырынча эч мүмкүн болбоочудай көрүнөт.

31.05.2013, №21

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...