Акыркы макалалар

Т. Мамытов:“Кумтөр” алтын кенине кетчү жол эми тосулбайт

Кыргыз өкмөтүнүн областтагы ыйгарым толук укуктуу өкүлү болуп жаңы дайындалган Токон Мамытов Жети-Өгүз районунун Тамга айылында жайгашкан аскердик эс алуу жайынын базасында журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрдү.

Бул иш-чарага областтык, райондук бир катар мекемелердин, уюмдардын, “Кумтөр оперейтинг компанинин” тиешелүү жетекчилери, улуттук коопсуздук комитетинин, областтык ички иштер башкармалыгынын башчылары, айылдык кеңештердин депутаттары, жаштар уюмдарынын лидерлери, ошондой эле республикалык, областтык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Жыйында “Кумтөр” алтын кенинине байланыштуу журналисттер өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты. Маселен, областтык “Вести Иссык-Куля” газетасынын башкы редактору Дархан Гапаров “Кумтөрдүн жолун сөзсүз эле жайкы эс алуу мезгили башталган учурда тосуу керек беле? Нааразычылык акциясын уюштуруучулардын максаты жайкы эс алуу мезгилинде чет элдик туристтердин Ысык-Көлгө келишине бөгөт коюу болчу деген эл арасындагы сөздөрдүн чындыгы барбы?” деген суроо узатты. Оппозиция тараптагылар “бул сөздөр эч кандай чындыкка жакындабай турганын айтса, жети-өгүздүк жаштардын көбүнүн “Кумтөр оперейтинг компанинин” жетекчилигине койгон 13 суроо-талабыбыз бар, биз ошонун аткарылышын гана көздөдүк. Биздин Жалал-Абаддагы, “Ош-Бишкек” автожолундагы окуялар менен эч байланышыбыз жок”,-дешти. Жыйында Т.Мамытов жети-өгүздүк жаштарды биримдикке, ынтымакка чакырды. “Ар бир нерсенин чеги болот, маданияттуулукка, сабырдуулукка үйрөнөлү, чагымчыл аракеттерге азгырылбагыла” деген маанидеги сөздөрүн айтып, областтын, анын ичинде Жети-Өгүз районунун социалдык, экономикалык абалын жакшыртуу, элдин жашоо-турмушун оңдоо керектиги тууралуу өз оюн билдирди. “Мен ар дайым эл менен, силер менен биргемин. Кандай маселе болсо да чогуу чечели, кеңешип-кептешип туралы”,-деди ал. Жайкы эс алуу мезгилинде Ысык-Көлгө туристтердин келишине эми эч кандай тоскоолдуктар болбойт, “Кумтөрдүн” жолу тосулбайт”,- деп сөзүн жыйынтыктады Т.Мамытов.

ШЕЙШЕКАН ЖАНАЛИЕВА, ЫСЫК-КӨЛ

07.06.2013

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...