Акыркы макалалар

«Нур бала» борборунда майрам уюштурулду

«Чоңойсом, доктур болуп, баардык оорулууларды айыктырам»,-деген кыялдануусун биз менен 8 жаштагы мүмкүнчүлүгү чектелген Бектур бөлүштү. Ал «Нур бала» күндүзгү реабилитациалык борборунда билим алат.

Ушул жылдын 31-майында борбордо билим алган өзгөчө балдарга майрамга карата белектер тапшырылды. Күндүзгү реабилитациалык борбор ата-энелердин сунушу менен ИИККОнун колдоосунда ачылган.

«Бүгүнкү күндө күндүзгү борбордун жабылышы коркунуч туудуруп жатат. Себеби долбоор ушул жылдын ноябрында аяктайт. Бул борбордун ишин улантуу маселеси менен тиешелүү бийликтерге кайрылдык, азырынча чечиле элек. Ошондуктан биз бүгүн кээ бир жергиликтүү кеңештин депутат айымдарын чакырганбыз. Бирок тилекке каршы ал айымдар келген жок. Бир гана Талас шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын жетекчиси келди. Билгениңиздердей бул топтун балдарына өзгөчө мамиле керек. Биз алардын дени соо балдардай билим алуусуна аракет кылып жатабыз »,-деди «Нур бала» коомдук бирикмесинин жетекчиси Жылдыз Турдугулова.

Ал эми борбордогу логопед Каныкей Кабылбекова: «Бул жерге келген балдар алгач сүйлөй алышчу эмес жана түстөрдү айырмалай албайт эле. Борборго келип ойлорун айтканды үйрөнүп калышты. Ошондой эле түстөрдү, сандарды жакшы билишет. Алар менен бирге болуу аркылуу коомго аралашууну дагы үйрөнүүдө»,-дейт.

«Менин балам бул борборго келгени, анын жашоого болгон көз карашы өзгөрүп калды. Балам мага дайыма «апа чоңойсом окуйм, билим алып иштейм, анан сизге машина алып берем» деп айтат»,-деди атын атагысы келбеген мүмкүнчүлүгү чектелген баланын апасы.

ЖЕҢИШГҮЛ ТОГОЛОКОВА, ТАЛАС

07.06.2013

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...