Акыркы макалалар

Кыргызстан — Филиппин жолдоштук беттеши майып балдарга арналат

Кыргызстан — Филиппин жолдоштук беттеши майып балдарга арналат

Кыргызстан менен Филиппиндин жолдоштук беттеши мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга арналат. Бул тууралуу КРдин Футбол федерациясы билдирди. Аталган демилге БУУнун балдарды коргоо фондусу (UNICEF) жана КРдин Футбол федерациясы тарабынан көтөрүлгөн. Футбол боюнча жолдоштук беттешүү 6-сентябрь күнү саат 20:30да Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда болот. Билеттердин баасы 200 сомдон 500 сомго чейин болуп, стадиондун кассасында сатылат. Эске сала кетсек, 30-августтагы Кыргызстан — Казакстан беттеши 2:0 эсебинде кыргызстандык команданын пайдасына чечилген.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...