Акыркы макалалар

МАГАТЭнин эксперттери КРдагы уулу кен калдыктары сакталган жайларды иликтешти

МАГАТЭнин эксперттери КРдагы уулу кен калдыктары сакталган жайларды иликтешти

2016-жылдын 4 -10-октябрында Атом энергиясын тынчтык максатта колдонуу жаатында кызматташтыктын эл аралык уюму (МАГАТЭ) КР ӨКМнын балансындагы уулу кен калдыктар сакталган жайлар менен таанышты.

ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, МАГАТЭнин эксперттери Кажы-Сай, Миң-Куш шаарчаларындагы , Майлы-Суу шаарындагы, Шекафтар айылындагы уулу кен калдыктар сакталган жайларга барышты. Кен калдыктарын рекултивациялоо үчүн CGULS иштеринин алкагында МАГАТЭ миссия менен КР ӨКМнын ортосунда биргелешкен план түзүлдү.

МАГАТЭнин эксперттеринин курамында Мишель Робертс –CGULS координатору (МАГАТЭ), Рассел Эдж – АКШнын Энергетика министрлигинин уран өнөр жайы программасынын жооптуу кызматкери, топтун жетекчиси, Джон Элмер - АКШнын Инженердик изилдөө борборунун башкы инженери, Ян Лудгейт – рекультивациялоо боюнча көз карандысыз адис ( Канада) бар.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...