Акыркы макалалар

Белгилүү россиялык продюсер ырчы Каникейге жаңы эл аралык долбоорго катышууну сунуштады

Белгилүү россиялык продюсер ырчы Каникейге жаңы эл аралык долбоорго катышууну сунуштады

Белгилүү россиялык продюсер, мурдагы “Тату” тобунун продюсери Иван Шаповалов кыргызстандык ырчы Каникейге жаңы эл аралык долбоорго катышууну сунуштады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине ырчы өзү билдирди.

Анын айтымында, И.Шаповалов жаңы долбоор үчүн Каникейди жана Якутиялык ырчы Юлиан Кривошапкинди тандаган.

“И.Шаповалов 2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда көптөгөн атамекендик ырчыларды угуптур, бирок кимдир-бирөө мени дагы угуп көрүүнү кеңеш бериптир. Жыйынтыгында менин ырларымды угуп, Москвага чакырды, ал жерде биз биринчи ырыбызды жаздырдык. Чынын айтсам мындай сунушка өзүм дагы таң калдым”,-деди ал.

Долбоор жөнүндө айтып жатып, Каныкей продюсердин оюна этникалык стилде (көчмөндөр) ультрамодалуу заманбап үн түзүү келгенин жашырган жок.

Мындан тышкары, ырчы тыныгуудан кийин жаңы бийиктиктерди багындырууга даяр экенин билдирди. “Мен негизи эксперимент жүргүзүүнү жакшы көрөм. Мага бир эле деңгээлде калып калуу жакпайт, андан ары өнүгүш керек”,-дейт ал.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...