Акыркы макалалар

Данияр Абдыкеримов: “Жылдыз” тасмасында белгилүү ырчылар ойношот”

Кыргыз тасмасында заманга жараша фильмдер тартылып, өнүгүп бара жаткан өлкөбүздүн жашоосун чагылдырган кызыктуу кинолор көбөйдү. Мына ушул тасмалар арасында өз салымын кошуп келе жаткан режиссер Данияр Абдыкеримов өзүнүн жаңы тарта баштаган “Жылдыз” аттуу көркөм фильми туурасында баяндап берди.

АБДЫРАЙ КЫЗЫ БЕГАЙИМ, КУБАНЫЧБЕК МАМАТАЛИ УУЛУ

Сценарийден башталып

Тасма тартуу оюма да келген эмес эле. Бул кесипте иштеп калышыма Түркиядагы досторум түрткү берди. Тактап айтканда, Кыргызстандагы университетти аяктагандан кийин билимди дагы жогорулатыш үчүн Түркиянын Анкара шаарындагы жогорку окуу жайынын биринде экономика боюнча магистратурага тапшырып, анда окуп калдым. Ал жакта билим алып жүргөндө, кино факультетинде окуган мени менен тең студенттер менен дос болуп кеттим. Аларга аралашып жүргөндүктөн тасма туурасында көп нерсени үйрөнө баштадым. Кээде сабактарына да катышып калчумун. Андыктан досторума ар кандай тасмалардын сценарийин жазып, жардам берип жүрүп, кантип бул кесипке кызыгып кеткенимди байкабай да калыптырмын. Ошентип кино жаатында билим алыш керек экенин түшүнүп, алдыма максат койдум. Бул максатыма жетиш үчүн биринчиден Түркиядагы окуумду аяктап, андан соң Кыргызстанга келерим менен режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун мастер классынан сабак алганга жетиштим. Учурда жаш продюсерлерге сабак берүүнүн үстүндө иш алып баруудамын.

Кастингге чакырып жатам

Азыркы тапта “Жылдыз” аттуу бир жарым сааттык толук метраждуу кино тартканы турам. Ага карата июль айынын башынан баштап кастинг жарыялай баштагандыктан, учурда тасмага тартылам деген жаш актёрлор өнөрлөрүн көрсөтүп жатышат. Ошентсе деле азырынча анда аткарган башкы жана башка каармандар тандала элек. Ал тургай тасмада башкы каармандын ролу абдан маанилүү болгондуктан, атайын сабактарды өткөрөлү деп жатабыз. Дагы бир сырым менен бөлүшө кетсем, элибизге белгилүү ырчылар да бул тасмада роль аткарат. Андыктан учурда ырчылар менен да байланышып жатабыз. Буюрса, каармандар тандалгандан кийин тасманы сентябрь айында тарта баштайбыз.

Тасма туурасында

Жогоруда аталган жаңы тасманын сценарийи жазылгандан кийин атын атаганга бир канча аталыштарды тандап отуруп “Көчөдөн чыккан жылдыз” деп койдук. Бирок бир аз күн өткөндөн кийин эле жөн гана “Жылдыз” деген атты атоону туура көрдүк. Себеби, анда биздин каармандын эстрадада ырдап, өз күчү менен кантип атактуулукка жеткени чагылдырылат. Муну менен эле чектелбестен кино күлкүгө абдан бай. Анда индус ырлары, ошондой эле биз сүйүп уккан кыргыздын 70-80-жылдар аралыгындагы ырлар да ырдалат. Ошондой эле аны баардык муундун өкүлдөрү көрө алат.

Мазмуну

Ал эми фильмдин мазмуну туурасында кыскача айта кетсем, тасмада жаш жигит кичине чагынан баштап эле ар кандай индиялык тасмадагы ырларды так өзүндөй туурап ырдап, кыялында ырчы болгусу келет. Кийинчерээк бой жеткенден кийин кыялына жетүү үчүн ар кандай аракеттерди кылган менен эч кандай майнап чыкпайт. Бирок тагдыр аны кайдыгер таштап койбостон топтошкон алдамчыларга жолуктурат. Анан алардын жардамы менен атагы алыска тараган белгилүү ырчы болгонго жетишет.

Талыкпас эмгек

Аталган фильм тартылып бүтсө, толук метражду тасмалар арасында бул менин үчүнчү эмгегим болуп калат. Буга чейин Орусиянын режиссёрлору менен биргелешип “Маичилер” (Гаишники) аттуу көп сериалдуу тасма тартканбыз. Коомчулук алдына көрсөтүлгөн соң эл аралык фестивалдарга катышып, баш байгени утуп алгам. Мындан тышкары, өзүмдүн идеям менен “Гу Чжен Пего кантип турмушка чыкса болот”, “Кызыл көйнөкчөн”, “Репортаж” деген фильмдерди тартып, алар кинотеатрларда көрсөтүлдү. Муну менен эле чектелбестен бир канча даректүү фильмдерди, кыска метраждуу кино тасмаларды да тартып жүргөм.

05.07.2013

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...