Акыркы макалалар

Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү

Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү

Бишкекте Асанбек Камчынын уюшкан кылмыштуу топбунун мүчөсү кармалды деп билдирди башкалаанын ИИББсынын басма сөз кызматынан.

Маалыматка караганда, 2017-жылы 31-январда башкалаанын ИИББсынын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Октябр районунун аймагынан Чүйдүн Сокулук районунда жашаган, таластык 31 жаштагы Р.Б. кармалды.

Ыкчам-иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө Бишкектин Скрябин көчөсүндөгү №76 үйдүн маңдайындагы автотоктоочу жайдан Р.Б.га тиешелүү “БМВ-735” маркасындагы машинадан 4 патрону менен “Макарав” пистолети табылды. Ошондой эле “Р.Б.нын оң чөнтөгүнөн 7 грамм гашиш да табылды.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...