Акыркы макалалар

Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча жаңы мыйзам даярдалууда

Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча жаңы мыйзам даярдалууда

2013-жылы кабыл алынган уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү мыйзамы профилактикалык мүнөзгө гана ээ болуп, укук коргоо органдарынын ишине чектөө коюп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта аталган мыйзамга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүүнү талкуулоо учурунда айтылды.

Ушул багытта иштеп жаткан комиссия мүчөлөрүнүн айтымында колдонуудагы мыйзамдын айрым пункттары башка мыйзамдарга карама-каршы келет. Маселен кайсы бир кишини уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоо үчүн соттун чечими керек, ал эми соттун чечими болуш үчүн ага карата кылмыш иши козголгон болуш керек.

Ал эми вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун айтымында, учурда уюшкан кылмыштуу топтор жаңы методдорго өтүп жатат. Ошондуктан ал максаттуу ыкмаларды иштеп чыгуу зарылчылыгын айтат. Ошондуктан, бул толуктоолор жана өзгөртүүлөр кылмыштуулук менен күрөшүп жаткан кызматтарга ыңгайлуу шарт түзүп бериши керек, дейт вице-премьер-министр.

ИИМ маалыматына ылайык, учурда 4 уюшкан кылмыштуу топ бар. Аларга мүчө болгон жарандардын саны 400гө жакындайт.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...