Акыркы макалалар

Кыргызбай Добаев: “Дүйнө өзгөрдү, адам өзгөрдү, биздеги билим берүүдө гана өзгөрүү жок”

Кыргыз билим берүү академиясынын Кесиптик билим берүүнїн проблемалары борборунун директору, педагогика илимдеринин доктору, профессор Кыргызбай Добаев “ПолитКлиника” гезити аркылуу бүгүнкү билим берүү тармагынын күңгөй-тескейи тууралуу кеп козгойт.

Биздин балдарыбыз, жаш муундарыбыз тууралуу ойлонгондо “Мен биздин муунга кейүү менен карайм. Анын келечеги же көңдөй, же бүдөмүк...” деп М.Ю. Лермонтов “Дума” аттуу ырында XIX кылымдын биринчи жарымында айтканы аргасыздан эске түшөт. Бул дүйнө өзгөрдү, адамдар өзгөрдү. Биз башка болдук. “Кибернетиканын атасы” Норберт Винер айткандай, “биз айланабызды ушунчалык өзгөрттүк, эми ушул өзгөрүүлөр ичинде жашаш үчүн өзүбүздү да өзгөртүшүбүз керек.

Биздин доорубузду кантип атасак болот? Өзгөрүүлөрдүн, глобалдык өзгөрүүлөрдүн доору, тармактык доор же маалыматтык доор деп атайбызбы? Кандай деп гана атабайлы, бүгүнкү күнүбүз жана келечегибиз улуу бурулуштардын алдында турат. ”Футуршок” аттуу китебинде Э. Тоффлер бул доорду “Үчүнчү толкун” деп атап, “... бул тамыры кенен жайылган толкун, ал жаңы үй-бүлөлүк, сүйүү мамилесине, турмушта, экономикада жаңы мамилени, саясатта жаңжалдарды алып келет, аң-сезимде өзгөрүүлөрдү алып келет” деген. Адамзат алдыга албан кадам таштоонун алдында турат. Бүткүл доор социалдык төнкөрүштөр менен чыгармачылык бурулуш алдында турат. Бул-- Үчүнчү толкундун маңызы. Биз билип-билбей жаңы доордун курулушун баштадык. Экинчи толкун кетип, Үчүнчү толкун келээр алдында жеке тагдырыбызда көп көйгөй жаралып, адамдар арасында ич ара жана саясий чөйрөдө ыйкы-тыйкылар болууда.

Жогоруда айткандай, коомубуздун глобалдашуусу, бирдиктүү экономикалык жана саясий чөйрөнүн пайда болушу билим берүү тармагыбызга да түздөн-түз таасирин тийгизет. Биз муну канчалык байкамаксан болгонубуз менен жыл өткөн сайын даана көрүнүүдө. Айрыкча интернет, жогорку технологиянын пайда болушу менен ачыкка чыга баштады.

Бүгүн билим берүүнүн көйгөйү алдыңкы планга чыкты, анткени глобалдашуу доорунда билим берүүнү коомубуздагы көйгөйлөрдү, карама-каршылыктарды чечүүнүн фактору катары карап калдык. Билим берүү тармагыбыздагы кемчиликтер менен мүчүлүштөр, анын коомдук-экономикалык турмуштан артта калып жаткандыгы тууралуу абдан эле арбын айтылды. Кийинки он жылда эл аралык уюмдар тарабынан башталгыч жана жогорку мектепти өнүктүрүї боюнча бир катар документтер кабыл алынды. ЮНЕСКО, Европа кеңеши сыяктуу абройлуу уюмдардан Үчүнчү толкун тарабынан жаралган көйгөйлөрдөн арылуу боюнча бир катар документтери даярдалды. 1996-жылы ЮНЕСКО тарабынан Жак Делор башында турган комиссиянын “Билим берүү: жашырылган жан байлык”, 1988-жылы Европа кеўеши тарабынан “Орто мектептеги инновация” ж.б. билим берүүнүн ролу жана маўызы тууралуу айтылып, мектептеги билим берүүнүн түп тамырынан бери өзгөртүү тууралуу айтылган. Азыркы талаптарга жараша мектеп балдарга билим, ык (навыки) жана компетенция бериши керек. Билим болсо бүгүнкү өзгөрүп турган коомдо өзүнүн идеялары менен ойлорун аныктай алгыдай болушу керек. Бүгүнкү күндө энциклопедия катары баарын жаттап алган адамды өстүрүп, биз жаратман адамды жоготуп жатабыз.

Мектептеги билим адамга өмүр бою керек, жөндөм жана компетенция эле эмес, жараталышты жана коомдун өнүгүшүнүн негизги мыйзамдарын да окуп-үйрөтүшү керек. Мектептеги билим берүүдө балдар жаратылыш жана коом менен шайкеш жашай билүүнү үйрөнүшү керек. Ар бир окуучу өзүн көрсөтүп, ар нерсеге сын мамиле жасаш керек. Алган билими менен кошо өз алдынча ой жүгүртө билиши керек.

Билим берүү боюнча көптөгөн эл аралык жана улуттук долбоорлор көп. Көптөгөн өлкөлөрдүн билим берүү системасын өзгөртүү керек экенин түшүнүп калышты. Россияда өкмөт тарабынан колдоого алынган “Жаўы мектеп” программасы ишке активдүү кирип жатат.

Ал эми биздеги, Кыргызстандагы салттуу билим берүү системасы, тилекке каршы, коомдун социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн бөгөтү болуп калды. Билим берүү министрлиги тарабынан тармактагы абалды өзгөртүү боюнча кандайдыр аракет көрүлүүдө. Бирок абал өзгөргөн жок. Ар бир жаўы келген билим берүү министри реформа жасайм деп аракет кылат, бирок ал реформанын билим берүүнүн сапатына эч кандай таасири тие элек. Эмне үчүн мындай болууда?

Анткени министрликтин чиновниктери мектептер курулуп келген жана курула берерин, окуу китептери чыгып келгенин жана дагы жарыкка чыга берерин, программалар жазыла берерин, окуучулар бирдиктүү формага өтө берерин, билим берүүнүн стандартын кабыл алса, сабактардын сааттарын көбөйтүү же азайтуу менен чектелбестен Билим берүү министрлиги билим берүү системасында өзгөртүү киргизе алабы? Жок, эч кандай өзгөртүү киргизе албайт. Билим берүү тармагын үстүртөн эле өзгөртпөстөн түп тамырынан бери өзгөртүү керек экени тууралуу биз коомчулукка жана Билим берүү министрлигине бир канча жолу кайрылганбыз. Билим берүү тармагынын алгылыктуу концепциясы билим берүү тармагынын кызматкерлеринин Бүткүл союздук съездинде, 1988-жылы кабыл алынган. Бул концепция “Мектеп” Убактылуу илимий изилдөө борбору тарабынан иштелип чыккан. Мында билим берүү тармагынын эў негизги мааниси, билим берүүнү гумандаштыруу жана демократиялаштыруу маселеси көтөрүлгөн. Бул концепцияны биздин, Кыргызстандын шартына жараша иштеп чыгып, айрым өзгөртүү жана толуктоолорду киргизип кабыл алууга болот.

Кыргызстандын агартуу тармагынын көйгөйлөрү абдан көбөйгөндө коомчулук ар убак Кыргыз билим берүү академиясын күнөөлөп келет. Албетте, Билим берүү академиясында да кемчиликтер бардыр. Бирок жогоруда айткандай, билим берүү тармагындагы көйгөй системалуу болуп саналат. Билим берүү академиясы билим берүїнүн мазмунуна жооп берет. Ал илимдеги жетишкендиктер менен өлчөнөт. Азыркы учурда Билим берүү академиясын жоюп салалы деген чиновниктер билим берүүнүн илимий негизин унутта калтырып жатышат. 2014-жылы Өкмөт тарабынан кабыл алынган Орто билим берүүнүн стандарты аны илимий негизсиз, эч кандай талкуусуз, сыноосуз эле кабыл алып койгонун кандай деп түшүнсөк болот? Биздин негизги документтерибиз педагогикалык илимге, педагогикалык практикага таянбай туруп кабыл алынып жатат. Окуу китептерин кабыл алууда да ушундай эле көрүнүш байкалууда. Ошол себептен бизде окуу китептерин түзүүгө да кайдигер карап жатабыз. Ошол себептен мектепте эч убакта иштебеген, азыркы билим берүүнүн спецификасын билбегендер китептердин автору болуп жатышат. Окуу китептерин түзүп, анын көйгөйлөрү менен иштей турган өзүнчө илим бар экени эске алынбай, ошол себептен сапатсыз китептер чыгууда. XIX кылымдын аягында улуу орус сынчысы В. Белинский “Окуу китеби роман эмес, эгер ал жаман жазылса, чума же холерадан өткөн зыян алып келиши мүмкүн” деп айткан. Же окуу китептерин түзүүдө билим берүү тармагын алдыга жылдырбаш үчүн атайын ушундай жасалып жаткандай таасир калтырат.

Түп нускага шилтеме : pk.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...