Акыркы макалалар

Оппозициялык кыймылдар биригип жатат

Оппозициялык кыймылдар биригип жатат

Кыргызстандагы оппозициялык кыймылдар биригишүүдө. Мындай маалыматты Марал радиосуна "Акыйкат" партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов тастыктады. Өткөн аптада оппозициялык маанайдагы партиялар чогулуп, өлкөдөгү саясий-экономикалык, социалдык абалды жана улуттук коопсуздукту коргоо маселесин талкуулашкан. Ага саясий партиялардын лидерлери, коомдук ишмерлер, бей өкмөт уюмдардын жетекчилери катышып, бир катар көйгөйлүү маселелерди ортого салышкан. Анда “Акыйкат”, “Чындык”, “Улуттар биримдиги”, “Ата-Журт” жана “Бүтүн Кыргызстан” партиялары бар экендиги айтылууда.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...