Акыркы макалалар

Кыргызстандан биринчи жолу Кытайга алча экспорттолот

Кыргызстандан биринчи жолу Кытайга алча экспорттолот

2-8-июль күндөрү Кытайдан келген делегация 1000 га алча бактарын кыдыруу менен реестрине киргизди. Эртең өкмөт башчынын катышуусунда Кытайга жылына 5миң тонна алча экспорттоо боюнча келишимге кол коюлат.

Келээрки жылдан тарта Кыргызстандан Кытайга алча экспорттолот. Жылына 5миң тонна алча жөнөтүү тууралуу келишимге 7-июлда кол коюлат. Бул тууралуу айыл чарба министри Нурбек Мурашев журналисттерге кабарлады. Анын айтымында Кытайдан келген мамлекеттик өкүлдөр 2-июлдан бери Республикадагы алча бактарды кыдырышкан. Жыйынтыгында 1 миң га жакын талаадагы бак реестрге киргизилди.

-Кытайдан бизге делегация келген. Биздин алча бактарды өздөрү карап чыгышты. 950га алча бактарды реестрине киргизишти. Буга чейин Кытайга алча экспорттолгон эмес. Келээрки жылдан баштап, жылына 5 миң тонна алча экспорттолот.

Жылына мындай көлөмдү чогултууга кыргыз дыйкандарынын күчү жетет. Бирок продукцияны муздак температурада сактай турган логистикалык борбор жок. Кытай тараптын негизги талаптарынын бири да ушул продукциянын сапаты. Экинчиден Кытай тарап мөмө-жемишти бир гана самолет менен ташууга уруксат берген. Унаа менен алып барууга учурда лицензия бериле элек. Бул маселени «АгропродуктАзия» компаниясынын жетекчиси Арстанбек Ишенбаев «Марал» радиосуна айтты. Эгер көйгөй бир жолго коюлбаса келишилген көлөмдүн бир тоннасы дагы жеткирилбейт. Ошондуктан ал өкмөт бул ишти тездетиши керек дейт. Кытай менен болгон келишимде Ишенбаевдин компаниясы жылына 600 тонна чыгарып берүүгө милдеттенме алган.

— Биздин компания Кытайга 600 тонна алча экспорттоо боюнча квота алган. Азыр кытайлар менен алма боюнча сүйлөшүп жатабыз. А бирок бул мөмө-жемишти Кытайга жөтөтүү проблема болуп турат. Анткени унаа менен жемиш ташууга Кытай уруксат берген эмес. Бир гана учак аркылуу бар. Ал эми бизде жүк ташый турган самолет жок. Экинчиден логистикалык борбор. Кытайлар талап кылган сапатта жеткирүү үчүн логистикалык борборлор керек.

Бул маселелерди айыл чарба министри Нурбек Мурашев Кытайдын айыл чарба министри менен болгон жолугушууда да көтөрдү. Бир гана алча эмес, төө буурчак, картошка жана жүзүмдү дагы экспорттоо Кытай тарапка сунушталып жатканын Мурашев кошумчалады.

—Алчадан сырткары бал, жүзүм, картошка жана төө буурчакты экспорт кылуу боюнча сүйлөшүп жатабыз. Бирок аты аталган жемиштер боюнча так келишим жок.

Ал эми Кытай тарап бул иштер өлкө башчылары ортосунда убада кылынган жана кол коюлган келишимдердин алкагында жасалып жатканын айтууда. Кытай Эл Республикасынын айыл чарба министри өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда 4 документке кол коюлаарын айтты.

-Кыргызстан менен Кытайдын достук алакасы кылымдардан бери келе жатат. Анын алкагында социалдык экономикалык, гуманитардык, саясат тармагында кызматташтыгыбыз бар. Бүгүнкү жолугушуубуз дагы мамлекет жетекчилеринин эки тараптуу иш сапарларынын жыйынтыктары деп айта алам. 7-июль күнү премерь министр Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда 4 негизги документке кол койгон турабыз.

Кошумчалай кетсек, 6-июлда эки өлкөнүн айыл чарба министрлери жолугушту. Анда эки тараптуу маселени чечүү жагы талкууланган.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...