Акыркы макалалар

Жети-Өгүздөгү жол кырсыгынан 14 адам көз жумду

Жети-Өгүздөгү жол кырсыгынан 14 адам көз жумду

23-июлда күндүзгү саат 16:30дар чамасында Караколдон Жети-Өгүздүн Кабак айылына багыт алган кичи автобус жол кырсыгына учураган. Кырсык болгон учурда 10 адам каза таап, 4 адам кийин ооруканада көз жумду. Калганы Караколдогу облустук ооруканада жатат. Алардын ичинен бирөөнүн абалы оор экени айтылууда. Учурда кырсыктын келип чыгыш себептери такталып, иликтөө иштери жүрүп жатат. Президент Алмазбек Атамбаев каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандарга материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө буйрукка кол койду. Ага ылайык, Президенттин резервдик фондунан каражат бөлүндү.

Акыркы 6 ай аралыгында республика боюнча 3017 жол кырсыгы катталып, 453 адам каза тапкан. Ал эми Бишкек - Ысык-Көл каттамында 1-июндан 22-июлга чейин 93 жол кырсыгынан 25 киши көз жумган.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...