Акыркы макалалар

Ысык-Көлдө жер титирөөдөн жапа чеккендер ссуда ала албай жатышат

Ысык-Көлдө жер титирөөдөн жапа чеккендер ссуда ала албай жатышат

Үстүбүздөгү жылдын 28-январь күнү Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталып, көптөгөн үйлөр жабыркаган болчу. Аларга мамлекет тарабынан ссуда каралып, жаратылыш кырсыгынан жабыркагандардын бир бөлүгүнө гана берилип, калган арыз бергендер ала алышпай келет. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ак- Суу райондук бөлүм башчысы Нурбек Асаналиевдин маалыматы боюнча, чындыгында арыз менен кайрылгандардын жарымы гана ссуда алышкан. ӨКМнын Ысык – Көл райондук бөлүм башчысы Тынарбек Марашев аталган райондо жашаган тургундар да арыз беришкени менен алардын бирөөсүнө да ссуда бериле электигин айтты. Ал эми ӨКМнын Тоң райондук бөлүм башчысы Өмүрбек Чоконбаевдин айтымында, эң коопттуу деген турак жайлардын ээлерине каражат берилген. Турак-жай жана жарандык курулуш департаментинин кредиттик бөлүмүнүн башчысы Жанарбек Абдылдабеков акчанын тартыштыгынан ссудалар кечиктирилип жаткандыгын билдирди.

Ысык-Көл жергесинде болуп өткөн жер титирөөнүн кесепетинен жалпы 26 млн 960 миң сомдук чыгым келтирилген.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...