Акыркы макалалар

Сумбулада “Картошка талаа күнү” аттуу семинар өтүлдү

Сумбулада “Картошка талаа күнү” аттуу семинар өтүлдү

Сумбула айыл аймагынын Айна-Таш жайытында 8-июль күнү “Картошка талаа күнү” аттуу семинар болуп өттү. Семинарга ар кандай уюумдар, райондун айыл өкмөттөрүнөн келген фермер -дыйкандар катышты.

Семинар АКТЕТ эл аралык уюму жана Бүткүл Дүйнөлүк Эвро союуз биримдиги тарабынан каржыланып, уюшулган. Бул тууралуу Сумбула айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Абдирайим Жороевден маалымат алдык.

“Бүгүнкү семинар аябай жакшы болду. Себеби АКТЕТ уюуму айыл өкмөттө жок картошканын жаңы уруктарын алып келди. Ушул түшүмдүүлүктү көбөйтүү боюна эң жакшы иш чара жүрдү деп ойлоймун. Уюштурган уюумдарга терең ыраазычылык билдиребиз.”,-деп сөзүн жыйынтыктады.

Фермер Миталип Базарбаев картошка тууралуу өз оюн төмөнкүчө билдирди:

“Бул картошка 120-130 күндө бышат. Өндүрүлгөн мамлекети -Голландия. Кеч бышуучу сорттон. Өтө жогорку түшүм берүүчү тегерек жана суйрү формадагы ашкана жана өндүрүш картошкасы. Биздин шартка ылайыктуу. Тоолуу жерге жакшы өсө турган картошка. Аба-ырайынын ар түрдүү шартына туруктуу, ошондон улам узак мөөнөткө сактоого ыңгайлуу.”-деп билдирди Миталип Базарбаев.

Даярдаган: Данияр Бахридин уулу

Түп нускага шилтеме : kyrgyzmedia.com

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...