Акыркы макалалар

БШК: Президенттикке талапкерлигин коюга дагы 3 жаран арыз берди

БШК: Президенттикке талапкерлигин коюга дагы 3 жаран арыз берди

Бүгүнкү күнгө карата Борбордук шайлоо комиссиясына президенттик шайлоого талапкер катары дагы 3 жарандан арыздар түштү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

10-июлда президенттикке өзүн өзү талапкер катары көрсөтүү тууралуу «Империал Девелопмент» ЖЧКсынын башкы директору Куттубек Бешбаковдон арыз түшкөн.

Ошондой эле, «Сергий Радонежский жана Айкөл Манас атындагы укук коргоо борбору» ЖКЧсынын башкы директору Игорь Трофимов жана убактылуу жумушсуз жаран Максатбек Жумабеков арыз менен кайрылышкан.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Ал эми талапкерлердин арызын кабыл алуу 1-августта аяктайт.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...