Акыркы макалалар

2 күндө 4 тоннадай баңгизат колго түшүрүлдү

2 күндө 4 тоннадай баңгизат колго түшүрүлдү

22 - 24 - июль күндөрү жүргүзүлгөн рейд учурунда ИИМдин Баңгизатка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери 8 кылмыштын бетин ачты. Кармалган жарандардан 3 тонна 668 килограмм 332 грамм баңгизаты алынды. ИИМдин басма сөз кызматынан Чыңгыз Исмаилов билдиргендей, алардын 133 граммы героин, 12 килограмм 834 граммы гашиш, 365 граммы марихуана жана 3 тонна 655 килограммы кара куурай болгон. Мындан тышкары Баңгизаттарды көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын кызматкерлери 33 жаштагы Т.Ч. аттуу жаранды колго түшүрүп, андан 1 килограммга жакын героин алынган. Факты боюнча аталган кызмат тарабынан кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган жаранга баңгизатты Бишкек шаарынын тургуну, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкери 1971-жылы туулган Замирбек Шаршеев алып келип берип жүргөндүгү аныкталган. Анын үйүнө тинтүү жүргүзүшкөндө, 1 килограмм 199 грамм гашиш, 91 грамм героин жана 357 грамм апийим табылган.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...