Акыркы макалалар

Күйүүчү май арзандады

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы 30 тыйынга арзандады. Бул тууралуу “Газпром нефть азия” компаниясы билдирди. Учурда борбор калаада бензиндин бир литри 24 сом 40 тыйындан, А-92 үлгүсүндөгү май 34 сом 80 тыйын, ал эми дизель майы 38 сом 10 тыйындан сатылып жатат.

Эскерте кетсек, май айынын баш чендеринде күйүүчү майларга болгон нарк 1,5 сомго дейре кымбаттай тургандыгын “Нефтетрейдейлер” ассоциациясы билдирип, муну Орусияда айдап-себүү иштери башталгандыктан, өндүрүүчүлөрдүн мунай заводдорундагы майга карата нарктын көтөрүлгөнү менен байланыштырган болчу.

НАЗГҮЛ БОСТОНБАЕВА

26.07.2013

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...