Акыркы макалалар

Өлкөдө азыркы учурда 2 млн 893 миң 453 шайлоочу бар

Өлкөдө азыркы учурда 2 млн 893 миң 453 шайлоочу бар

Учурда Кыргызстанда шайлоочулардын жалпы саны 2 млн 893 миң 453 кишини түздү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев билдирди.

Анын айтымында, ушул тапта ар бир райондо штабдар түзүлүп, шайлоочулардын тизмеси, дареги такталууда. Ошондой эле, Бобордук шайлоо комиссиясы менен бирдикте, өлкөдө аталышы жок же аттары окшош 1 миң 72 көчө бар экени аныкталган.

Мамлекеттик каттоо кызматында биометрикалык маалыматын тапшырган 2 млн 954 миң 547 жарандын тизмеси бар. Ал тизмеден 26 миң 33 киши өлүмүнө байланыштуу, ал эми 2 миң 964 киши жарандыктан чыккандыгына байланыштуу чыгарылган.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...