Акыркы макалалар

Өлкөдө үч театрдын көркөм жетекчилик кызматына сынак жарыялады

Өлкөдө үч театрдын көркөм жетекчилик кызматына сынак жарыялады

Өлкөнүн Маданият, маалымат жана туризм министрлиги М. Жангазиев атындагы кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын, С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын жана “Учур” жаштар театрынын көркөм жетекчилигине сынак жарыялайт.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, талапкерлер жогорку билимдүү, 5 жылдан кем эмес аталган тармакта иштөөсү зарыл.

Мындан тышкары талапкерлер заманбап, классикалык, ата мекендик, чет элдик драматургияны жана музыкалык адабиятты, заманбап жана классикалык театрлардын репертуарларын жана концерттик программаларды, тарыхты, дүйнөлүк жана атамекендик искусстводогу маселелерди билүүгө тийиш.

Документтерди кабыл алуу аталган министрликте 4-августка чейин жүргүзүлөт.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...