Акыркы макалалар

Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча «Дордой» базарында 40300 контейнер бар, - А.Турдукулов

Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча «Дордой» базарында 40300 контейнер бар, деп билдирди «Өнүгүү фондунун» жетекчиси Адил Турдукулов бүгүн, 6-ноябрда АКИpress маалымат агенттигинде өткөн жыйында.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө «Дордой» базарында канча контейнер бар экендигин эч ким билбейт. Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча 40300, Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Жанбулат Байжумановдун маалыматына ылайык, 7 миң контейнер, ал эми Сергей Понамаревдун маалыматы боюнча 17 миң контейнер бар.

«Мына үч башка маалымат чыгып жатат. Бирок, мен көбүрөөк Дүйнөлүк банктын маалыматына ишенем. Алардыкы чындыкка жакыныраак», - деди Турдукулов.

Ал кошумчалагандай, Ж.Байжумановдун маалыматы боюнча, «Дордой» базарындагы 7 миң контейнер айына 8 миң сомдон салык төлөп келе жатышат.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...