Акыркы макалалар

Балыкчы шаарында волейбол боюнча республикалык турнир болуп өттү

Балыкчы шаарында волейбол боюнча республикалык турнир болуп өттү

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында 11- августта ардагерлер арасында волейбол оюну боюнча шаар мэринин байгесине өткөн республикалык турнир жыйынтыкталды. Балыкчы шаарынын мэринин кубогу үчүн болгон мелдеште 45 жаштан жогору жаштагы оюнчулардан түзүлгөн 14 команда ат салышты. Оюндун башталышында мелдештин катышуучулары 2 топтон турган 7 командага бөлүндү. Бул тууралуу волейбол федерациясынын вице-президенти Жеңишбек Кызалаков билдирди.

Чечүүчү оюнда «Өзгөн» командасы «Токмок» командасын 2:1 эсебинде жеңди. Үчүнчү орун үчүн болгон ат салышууда «Балыкчы» командасы ушундай эле эсеп менен «Токтогул» командасын жеңилүүгө дуушар кылды.

Оюндун максаты – спорттун бул түрүн өнүктүрүп, алыстан келген конокторду туризм тармагына да тартуу болуп саналат.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...