Акыркы макалалар

Жолдо сатылган ышталган балыктар инфекция булагы болушу мүмкүн

Жолдо сатылган ышталган балыктар инфекция булагы болушу мүмкүн

Жергиликтүү бийлик жол боюнда ышталган балыктардын сатылышына көзөмөлдү күчөтүшү керек. Бул тууралуу Ысык-Көл райондук оорулардын алдын алуу жана санитардык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Малик Мамбетов билдирди.

Дарыгердин айтымында, жол боюнча сатылган ышталган балыктар ар түрдүү жугуштуу оорулардын булагы жана онкологиялык оорулардын себепкери болушу мүмкүн.

Малик Мамбетов мындай пикирин райондук администрациянын коллегиясында жайкы туристтик сезондогу санитардык абалды талкуулоо маалында билдирди.

Ал белгилегендей, ышталган балыктар негизинен Балыкчы шаарында жана Ысык-Көл районундагы жол боюнда сатылат. Ошондуктан жергиликтүү бийлик аталган аймактарда тартипти колго алышы зарыл, дейт дарыгер.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...