Акыркы макалалар

Жети-Өгүздө Жанек баатырдын 200 жылдыгы белгиленүүдө

Жети-Өгүздө Жанек баатырдын 200 жылдыгы белгиленүүдө

Ушул күндөрү Жети-Өгүз районунун Тосор айылында Жанек баатырдын 200 жылдыгы белгиленип жатат. Анын алкагында 23-августтан бери 3 күн, 3 түн «Манас» айтылууда. Мааракеге арналган негизги иш-чаралар 26-августта өтөт. Анда маданий жана спорттук оюн-зооктор көрсөтүлөт.

Тарыхта Ысык-Көлдөн чыккан жети баатырдын бири деп айтылган Эр Жанектин 200 жылдыгын белгилөө мындан бир жарым жыл мурда Өкмөттүн токтому менен бекитилген. Анда республикалык деңгээлде бир канча иш-чараларды уюштуруу каралган. Учурда Жети-Өгүз районунун Тосор айылында мааркенин негизги бөлүгүн өткөрүүгө кызуу даярдыктар жүрүп жатат. Бул тууралуу «Тосор коому» коомдук уюмунун негиздөөчүлөрүнүн бири Айбек Сарыгулов билдирди.

— Мен Жанектин чеберелеринен болом. Бул атабыздын Желдең элинин ичинен чыккан көп эрдиктери жасаган, күчтүү баатыр болгон экен. Ушул жерлерди жайлап калышыбыз дагы атабыздын чоң эмгеги десем жаңылбайм. Кыргыздар Кокон хандыгынын эзүүсүнөн кутулуп, Орусиянын курамына кире элек мезгилде Кыргызстанда эгемендүү өз алдынча мамлекет түзүүгө аракет кылып, көп иштерди жасаган. Биз Желдеңдин Муратжан деген уулунан тараган бир айыл элбиз. Баарыбыз биригип Жанек атабызды эскерип, чоң маараке-той өткөрөлү деп былтыр чечкенбиз. Учурда даярдыктын аягына жетип калдык. Буюрса чоң той болот.

Аталган мааракени өткөрүү «Тосор коому» коомдук уюму тарабынан демилгеленип, толук чыгымды дагы аталган уюм колго алгандыгын Айбек Сарыгулов кошумчалады.

— Иш-чара ушул айылдын сыртта жүргөн уулдары түзгөн «Тосор коому» коомдук уюму демилгелеп, уюмдун каржылык колдоосу менен уюштурулууда. Мамлекетке бир тыйын дагы зыян келтирбейбиз. Иш-чара кадимки кыргыздын тою сыяктуу эле өтөт. Ушул жерге 120дай боз үй тигилип, 6-7 миңдей конок келүүсү күтүлүүдө.

«Эр Жанек 200» иш-чарасынын алкагында 23-августтан бери көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде үч күн, үч түн «Манас» айтылууда. Ал «Саякбай манасчы» эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулган. «Манас» айтууга республика боюнча 40тан ашык манасчылар чогулду, — дейт аталган фонддун өкүлү Нурбек Талантбеков.

— Эр Жанектин 200 жылдыгына арналган мааркенин алкагында үч күн, үч түн «Манас» айтуу уюштурулду. Буга республика аймагынан 45тей манасчы келди. Анын ичинде 80 жаштан ашып калган аксакалдары жана жаш манасчылар бар. Алар өзүлөрү каалаган окуясынан кезек менен тынбай айтышат.

Үч күн, үч түн «Манас» айтуу быйылкы «Адеп, ыйман жана маданият» жылынын алкагында өлкөнүн бардык облустарында уюштурулат. Анын башталышы Жанек баатырдын 200 жылдыгына туш келүүдө. Анткени, эл аралап «Манас» айтуу жакшы натыйжа берип жаткандыгын Нурбек Талантбеков айтат.

— Өзүңүздөр билгендей, эл аралап «Манас» айтуу менен жаш манасчылардын көп чыгуусу байкалып жатат. Манас айтуу менен жаш-кары дебей «Манас» биздин уюткубуз, көрөңгөбүз, баштапкы жолубуз деп элибиз нарктуулукка ыктап, эскиден сабак алып, келечекке туура кадам таштоону түшүнүп, өткөндү барктап, даңктап атат десек болот. Элдин көз карашы салыштырмалуу өзгөрүп, муну абдан жакшы кабыл алып жатат.

Буга чейин айрым мамлекеттик жетекчилер же болбосо эл арасында деле миллиондогон каражаттарды коротуп, дүңгүрөтүп той берүү туура эмес экендигин айтып жүрүшөт. Бирок, Тосор айылынын аксакал тургуну Жаныбек ата мындай пикирге кошула бербейт. Анткени, Жанек баатыр сыяктуу тарыхый инсандарды кийинки муунга ушундай жол аркылуу жеткирүүгө болот дейт ал.

— Жанек сыяктуу тарыхый инсандардын тоюн өткөрүү анын эрдиктери, жасаган иштери кийинки муунга калсын деген үлгү деп айтсак болот. Өсүп келе жаткан муунга бул абдан чоң таасирин берет. Анткени, көп жаштар тилекке каршы тарыхты, каада-салтты жакшы билбей баратат. Унутулуп калган атабыз кайра тирилип келгендей болуп атабыз.

Жанек баатырдын 200 жылдыгына арналган негизги иш-чаралар 26-августта өтөт. Анда театралдаштырылган оюн-зоок, манасчылардын сынагы, төкмө акындардын айтышы, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү жана ат оюндары уюштурулат. Учурда Тосор айылында Ысык-Көлдүн жээгинде 100гө жакын боз үй тигилип, таш сахна жасалып, мааракеге даярдык иштери жүрүп жатат.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...