Акыркы макалалар

Мектептерди Интернетке кошуу боюнча план ашыгы менен аткарылды

Мектептерди Интернетке кошуу боюнча план ашыгы менен аткарылды

Билим берүү жана илим министрлиги мектептерди Интернетке кошуу боюнча планды ашыгы менен аткарды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, бүгүнкү күнгө чейин 715 мектеп дүйнөлүк тармакка кошулган. Калган 60 мектепте оңдоп-түзөө жумуштары жана курулуш иштери жүрүп жатат. Акыркы учурда Интернетти жалаң жаңы имараттарга тартуу тартуу талабы айтылган.

Мурда айтылгандай, өлкө боюнча 775 мектепти Интернетке кошуу боюнча иш жүрүп жатканы кабарланган. Анда мектептердин 70% жаңы окуу жылына карата, ал эми 30% 2017-жылдын ноябрь айына чейин тармакка кошулаары белгиленген.

Андан тышкары өлкө мектептери үчүн 1 миң 304 компьютер 30 млн сомго сатылып алынат.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...