Акыркы макалалар

Тоңдогу Кызыл-Омпол уран кени ишке берилгени жатат

Тоңдогу Кызыл-Омпол уран кени ишке берилгени жатат

Ысык-Көлдүн Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кени сентябрдан тарта иштетиле баштайт. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна айыл аймак башчысы Майрамкүл Кыдыралиева билдирди. Анын айтымында, канадалык компания кенди изилдөөгө 10 жыл мурун лицензия алган.

- Компания «Юразия» деп аталат. Бул жерден уран казылып алынып, Кара-Балта шаарындагы заводдо кайра иштетилет. Уран сентябрь айынын аягында казыла баштайт деп болжолдонууда, - деди ал.

Жумуш башталса, келишим боюнча жумушчулардын 80% жергиликтүү тургундар болот. Ишчилер 3-4 ай атайын окуудан өтүшөт.

Аталган уран кени Кызыл-Омпол тоосунун түндүк капталында, деңиз деңгээлинен 1640-3000 метр бийиктикте жайгашкан. 1950-57-жылдары геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлгөн.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...