Акыркы макалалар

Караколдо бекер кийим берүүчү социалдык дүкѳн ачылды

Караколдо бекер кийим берүүчү  социалдык дүкѳн ачылды

Каракол шаарына биринчи жолу социалдык дүкѳн ачылды. Аны шаардын вице -мэри Акылсайра Жумабекова ѳз демилгеси менен ишке берди. Бул дүкѳндѳн каттоодо турган аз камсыз болгон үй бүлѳлѳр, жардамга муктаж адамдар кайрылып, кийим кече менен камсыз болушат.

Мекемени ѳз каражаты менен ачкан вице- мэр, келечекте ишкерлер да ѳз калоосу менен жардам берет деген ишенимде: «Шаарда кыйынчылыкта киерге кийими жок, балдар сабакка барбай калган учурлар болот. Шейшеп эмес, жабынарга жуурканы жок адамдар бар. Аларга жардам берүү максатында элдин турмушун кѳргѳн социалдык вице мэр катарында социалдык дүкѳн ачууну туура кѳрдүм. Мындан ары элдердин күчү менен, ишкерлердин жардамы менен кийим кече, колдонулбай калган буюмдарды кабыл алып, муктаж үй бүлѳлѳргѳ таратып бекер беребиз деген ойдомун. Андан сырткары тамак аш камтылган да бѳлүк бар. Ал жакта азык түлүктѳр базар баасынан тѳмѳн дүӊ баада арзан берилет. Бул дүкѳндү элибиз кол сунуп жетпегенге жеткизип, бир чѳгүн чай болсо теӊ бѳлүшүү, теӊ бѳлүшүп кийинүү деген максатта ачып жатабыз», дейт А.Жумабекова.

Маалымдай кетсек, Каракол шаарында 4 миӊге жакын жакыр жашаган үй бүлѳ каттоодо турат.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...