Акыркы макалалар

Ичке-Жергез айылындагы карантин эртең алынат

Ичке-Жергез айылындагы карантин эртең алынат

Ысык-Көл облусунун Ичке-Жергез айылында кара тумоодон каза болгон өспүрүм менен карым-катнашта болду делип ооруканага жаткарылган 161 адамдын жетиси доктурлардын кароосунда калып, калгандары саламаттыгына эч кандай коркунуч жок болгону үчүн үйлөрүнө чыгарылды.

КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматкери Шабдан Рыскуловдун айтымында, райондун калкынын 92 пайызы дарыгерлердин кароосунан өттү. Учурда медициналык кароо улантылып жатат.

Ичке-Жергезде 10 күндөй созулган карантин эртең, 3-сентябрда алынаары күтүлүүдө.

Эске сала кетсек, 22-августта Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 15 жаштагы өспүрүм кара тумоодон каза болгон. Мындан улам аймакка карантин жарыяланып, тийиштүү чаралар көрүлүп келет.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...