Акыркы макалалар

Т.Бакир уулу: “Парламент Сирия боюнча өз позициясын билдириш керек”

Жогорку Кеңештин 5-сентябрь күнкү пленардык жыйынында “Ар-Намыс” фракциясынан депутат Турсунбай Бакир уулу парламент Сирия боюнча ой-пикирин билдирүү керектигин айтты.

Анын айтымында Жогорку Кеңеш Кыргызстандын позициясын билдирип АКШ Сенатына кайрылышы керек. “Кийинки аптада АКШ Сенатында Сириядагы аскер операциясын колдогон резолюция долбоору каралат. Европанын көптөгөн маамлекеттери, анын ичинде Орусия да Сирияга кол салуу чечимин агрессия катары баалоодо. Биз дагы өз көз-карашыбызды билдирүүбүз керек”, - дейт Т.Бакир уулу.

Расмий Вашингтон Сирия президенти Башар Асадды Дамаск алдындагы жайкын тургундарга 21-августта химиялык курал колдонгон деп айыптоодо. Ал эми Б.Асаддын бийлиги муну четке кагууда. АКШ президентинин администрациясы Сирияга карата сокку уруу планы камтылган документти Сенатка жиберди. Бул документ АКШнын парламентинде 9-сентябрда каралышы күтүлүүдө. Эгер аталган сунуш колдоо тапса Сирия бийлигине каршы согуш башталат.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...