Акыркы макалалар

Асель Жураева: “Алгачкы тасмам Египетте ийгиликке жетти”

Кино искусствосу ар бир адамды кызыктырып, жан дүйнөсүнөн орун алган. Мына ушул жаатында бир топ жылдан бери эмгектенип, даректүү кинолору менен ар кандай эл аралык сынактарда алдыңкы орундарга ээ болуп келе жаткан жаш режиссёр Асель Жураева тасма тартуунун сырлары туурасында баяндап берди.

АБДЫРАЙ КЫЗЫ БЕГАЙИМ

Өнөрүң болсо өргө чап

Ар бир адам баласында ар кандай шык, таланттар катылуу. Аны өз убагы менен туура колдонуп, ага талпынса ал инсан көп нерсеге жетет. Анысы кандай мен деле орто мектепти аяктап жатканда ар кандай кесиптерди караштырып көргөн элем. Ал тургай атамдын жолун жолдоп дарыгер болсомбу дегем. Бирок тилекке каршы ал кесипти аркалабай кино искусство тармагына барып өз күчүмдү сынап көрдүм. Ал жактын сынагына толугу менен жооп берип, окууга өткөндөн кийин өзүмдө дагы бир талант бар экенине көзүм жетти. Мына ошентип Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун театр жана кино, режиссёр факультетинде окуп калдым.

Эң алгачкы кадам

Аталган окуу жайдын үчүнчү курсунда билим алып жатканда “Кыргызфильм” кино студиясы туурасында угуп калдым. Анан ал жакка да барып, окуп көрүүнү туура көрдүм. Өз күчүмө ишенгендиктен биринчи окуумду да таштабай жетишип, эки чоң окуу жайда окуй баштагам. Ал тургай ошондо эле “Кыргызфильмде” иштеген белгилүү режиссёр Темир Бирназаровдун жардамчысы болуп ишке да кирдим. Бул адам менин устатым болгондуктан андан көп нерсени үйрөндүм. Аны менен бирге “Белгисиз маршрут” аттуу тасма тарттык. Мына ошентип акырындык менен окуп отуруп тасманы кантип сапаттуу кылып тартуу керектигин түшүндүм. Көп өтпөй өзүмдүн алгачкы “Өмүр бешиги” аттуу даректүү тасмамды тартып көрдүм. Анын мазмунуна токтолсом, канча жылдан бери чечилбей келе жаткан көйгөйдү чагылдырдым. Тактап айтканда, жаш кыздардын туура эмес жолго барып, айласы жок балдарын бойдон алдырып же баш тартканы тууралуу эле. Бул фильм Кино үйүндө көрсөтүлгөндө, менин зарыл жумуштарым чыгып калып кино сынчылардын көз караштарын, ага карата сын-пикирлерин укпай калгам. Кийин Египет мамлекетинде эл аралык “Исмайыл” деген тасма фестивалы өттү. Анда мен дагы аталган тасмам менен барган элем. Мына ошол жакта эмгегим көрсөтүлүп бүткөндөн кийин отурган эл тура калып кол чаап киришти. Ал эмес бир канча деген өлкөлөрдүн тарткан тасмалардын арасында 1-орунду жеңип алдым. Ошондо аталган тасмам элдин жүрөгүнөн орун алганына түшүндүм.

Ийгиликтин артынан ийгилик

Мына ошентип алгачкы тасмамдын артынан эле “Меккеге карай жол” деген тасманы тарттым. Бул фильмде Баткен облусунда жашаган Сулайман аттуу ата өмүр бою Мекеге барам деп акча чогултуп келген. Бирок ата тасманын аягында ал жакка барбай чогулткан акчасына Афганистанда кайтыш болуп келбей калган өзүнүн жердештерине чоң эстелик тургузат. Аталган тасма да эл ичинде кенен тарап, сынактарда мага ийгилик алып келди. Эки ай мурун Азербайжан мамлекетинин борбор шаары болгон Бакудагы эл аралык фестивалга өзүм тарткан дагы бир фильмди жиберген элем. Ал сынакта “Эң мыкты кино” сыйлыгына ээ болдум. Учурда аталган шаарга бара албагандыктан, алар байгемди почта аркылуу салып жиберишиптир. Мындан тышкары, дагы көптөгөн сыйлыктарым бар.

Маанилүү сыр

Бир сырым менен бөлүшө кетсем, мен тасманы тартарда өзүмдүн оюман чыгарылган окуяны эмес жашоодо чыныгы болуп жаткан тагдырларды тартып келем. Тактап айтканда, кино тартуу алдында көптөгөн газета, журналдарды окуп чыгам. Андагы ар кандай үстүртөдөн көйгөй жазылгандыктан аны толугу менен элге ачып берүү максатында изилдей баштайм. Жарым жылдай анын анык жайын, чындыгы далилденгенден кийин гана тасма жарык көрөт.

Алдыда

Учурда “Сиздин оюңуз”, “Чек ара” аттуу дагы жаңы даректүү тасмаларды тарттык. Эми буюрса эл алдына көрсөтүлгөнү жатат. Мындан тышкары, ушул жылдын 15 - сентябрдан баштап 22 - сентябрга чейин Орусиянын Анапа аттуу курорттук шаарында XXII ачык фестивалы өтөт. Анда да устатым Темир Бирназаровдун менен “Кумар” деген жаңы тарткан тасманы жибергенбиз. Фильм сынактан өтүп кеткендиктен ал жактан чакыруу келди. Бул жактагылар “сен барып кел” деп жаткандыктан, жакын арада жөнөгөнү жатам.

06.09.13

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...