Акыркы макалалар

Дин аралашкан үгүт иши талкууда

Дин аралашкан үгүт иши талкууда

Коомчулукта Араван районунун Юсупов айыл өкмөтүнүн башчысы Шукрулло Файзуллаевдин эл менен өткөргөн чогулушунда сүйлөгөн сөзү талкууга түштү. Анткени ал катышуучуларды президенттик шайлоодо талапкер Сооронбай Жээнбековго добуш берүүгө үндөп, талапкердин ажыга барып келгенин, диний ишеними бекемдигин айткан. Бул боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы да тиешелүү чараларды көрүп, айыл өкмөт башчысынын сөзүнүн видео материалын Башкы прокуратурага өткөрүп беришкен. Азыркы учурда териштирүү иштери жүрүп жатканын Боршайкомдун төрагасынын орун басары Атыр Абдырахматова билдирди.

-Юсупов айыл өкмөтүнүн башчысы өзүнүн мыйзамсыз үгүттөөсүндө колдонгон маалыматтарына Башкы прокуратура юридикалык баа берип, чара көрүшү керек. Анын кайрылуусунун видеосу менен бирге прокуратурага кат жолдодум. Муну Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынына да алып чыгабыз.

Кыргызстан светтик өлкө болгону үчүн дин мамлекетке, мамлекет динге аралашпашы керектиги Баш мыйзамда да айтылган. Анткен менен президенттик шайлоо алдында талапкерлер динди кармангандар менен тыгыз байланышта болуп, Айт намаздарына катышканын тастыктаган видеолорун, сүрөттөрүн алардын маалымат кызматтары жарыялап келишет. Социологдордун маалымдашынча, акыркы кезде Ислам динин кармангандар активдешип бара жатат. Ошол себептүү саясатчылар упай чогултуу максатында коомдун бул катмарына өзгөчө мамиле кылууда деп эсептейт. Бирок мамлекеттүүлүк түн сакталуусу үчүн талапкерлердин жасаган бул аракети туура эместигин эскертишет.Алардын бири социолог, саясат талдоочу Самарбек Сыргабаев динди саясий ишмердүүлүккө колдонуу кооптуу экендигин айтты.

— Саясатчыларда ушундай саясий кырдаалда динди эксплуатациялап, өзүнүн пайдасын көздөгөн азгырыгы бар. Социолог катары айтсам, бул – олуттуу, опурталдуу нерсе. Диний маселени саясатка аралаштырбоо керек. Шайлоо өнөктүгүнүн алдында талапкерлер да бул нерсе көп упай алып келерин түшүнүп жатышат.

Мындай учурга карата Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын муфтийини фатвасы чыккан. Ага ылайык, өлкө аймагындагы дин кызматкерлери бир гана шайлоо учурунда эмес жалпы эле саясий ишке аралашуусуна тыюу салынган. Ар кандай саясий окуялардын алдында аларга эскертүү берилип келет. Бирок эгер муфтиятка тиешеси жок болгон мамлекеттик кызматкерлердин үгүт иштеринде дин боюнча сөз сүйлөгөндөрүнө, же саясий кызыкчылык үчун динди аралаштыруусунда эч кандай чара көрө албайт. Мындай маалыматты муфтияттын үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы Билал ажы Сайпиев билдирди.

-Сөз болуп жаткан видеодогу кызматкер өкмөттүн адамы болуп саналат. Анын муфтиятка тийиштиги жок. Биз диний башкарма болгону үчүн мындай учурларда эскертүүнү имамдарга гана беребиз. Фатвадагы тыюу башка жарандарга тиешелүү болбогондуктан, алардын үгүт ишине аралаша албайбыз.

Бир эле Кыргызстанда эмес дүйнөдө да саясий упайга ээ болуу үчүн динге маани берип келген саясатчылар көп кездешет. Бирок мамлекеттин эртеңин ойлогон талапкер мындай жолдон оолак болуусу керек. Мурдагы депутат Равшан Жээнбеков динди мыкты карманган талапкерди ар тараптуу жана президенттикке татыктуу деп саноо мүмкүн эмес экенин айтат. Ал эми диний ишенимине карап эле добуш берүү да карангылыкка жатат дейт.

-“Динге берилген талапкер экен”, “жума намазга келди” деп добуш берүү – караңгы коомдун тандоосу. Мамлекеттин түзүлүшүн, анын реалдуу абалын, саясий процессти түшүнбөгөн адамдар ушинтип добуш бериши мүмкүн. Бул чечим мамлекетти кайра эле туңгуюкка каптайт. Ошондой эле ал президенттин эффективдүү иштөөсүнө эч кандай салым кошпойт.

Кошумчалай кетсек, ушул жылдын октябрь айында Кыргызстанда президенттик шайлоо болот. Азыркы учурда ал кызмат үчүн 13 талапкер ат салышып, үгүт иштерин жүргүзүшүүдө.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...