Акыркы макалалар

Аткезчилик жол менен 12 тонна жүгөрү кармалды

Аткезчилик жол менен 12 тонна жүгөрү кармалды

13-сентябрь күнү Баткен чек ара кошууну жооптуу чөлкөмдөн өткөрмө-көзөмөл пунктунан тышкары 12 тонна жүгөрү алып өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди. Маалыматка караганда, кармалган адам аткезчилик жүктү Кыргызстандан Тажикстанга алып өтүүгө аракет кылган. Жүктүн жалпы баасы 180 миң сомду түзгөн. Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин, кармалган адам жана аткезчилик жол менен ташылып бараткан жүк Мамлекеттик бажы кызматынын Баткен облусу боюнча кызматкерлерине тапшырылды.

Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан кандай чара көргөндүгүн тактоо үчүн аталган ведомствого кайрылганыбызда, азырынча иликтөө иштеринин жыйынтыгы чыга элек экендигин билдирди.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...