Акыркы макалалар

Бүгүн Бишкекте “Мэйкэр Спэйс” илимий жарманкеси башталат

Бүгүн Бишкекте “Мэйкэр Спэйс” илимий жарманкеси башталат

Бүгүн 26-сентябрда Бишкек шаарында “Мэйкэр Спэйс” илимий жармаңкеси башталат. Бул тууралуу Касымаалы Баялинов атындагы китепканасынын Америка борборунан билдиришти.

“Мэйкэр Спэйс” кыймылы – илим, технология, инновация менен математиканы билдирет. Ал кол өнөрчүлүк, ойлоп табуу, роботехниканы түзүү, тажрыйба жана 3D басып чыгаруунун кошулмасы болуп саналат.

Америка Борборунда өтө турган иш-чарада катышуучулар иш жүзүндө “Мэйкэр Спэйс” илимий лабораториясын сынап көрүүгө жана 3D басып чыгаруу, робототехника, элетрониканын жардамы менен аткарылуучу тажрыйбалар, түзмөктөр жана башка илимий материалдар менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат.

Жармаңкенин кийинки бөлүмүндө студенттер менен АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин техникалык ишкерлик боюнча алмашуу программасынын беш бүтүрүүнүн ортосунда интерактив уюштурулат.

Бүтүрүүчүлөр АКШнын илимий лабораторияларынан жана машина куруучу ишканаларынан көрүп билген тажрыйбасы менен бөлүшүшөт. Бул иш чара Кыргызстандагы жаш лидерлердин, келечек муундун, өзгөчө кыз-келиндердин карьера жасоодо так илимдер тармагын тандоого кызыгуусун арттырат.

“Мэйкэр Спэйс” илимий жармаңкеси 27-сентябрда жыйынтыкталат.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...