Акыркы макалалар

Караколдо “Мен Кыргыз жараны” деген ураан менен ынтымак форуму болду

Караколдо “Мен Кыргыз жараны” деген ураан менен ынтымак форуму болду

Бүгүн, 5-октябрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында «Ыймандуу жана маданияттуу коом-мамлекеттин бүтүндүгү жана элдин биримдиги» аттуу форум өткөрүлдү. Бул тууралуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга агенттиктиктин директорунун орун басары Э. Тогонбаев, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын коомдук уюмдарынын төрагалары, Ысык-Көл облусундагы өкмөт өкүлү Узарбек Жылкыбаев жана Каракол шаарынын казыяты, жарандык коомдун жана этностук коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышышты.

Жыйында “Мен Кыргыз жараны” деген жалпы бирдей түшүнүктү калыптандыруу тууралуу пикир алмашуу болуп, баяндамалар окулуп, жыйынтыгында элдин биримдигин чыңдоого багытталган идеяны жайылтуу сунуштары кабыл алынды.

Иш-чаранын жүрүшүндө этностук топтордун кол өнөрчүлүгү жана улуттук тамак-аш көргөзмөсү уюштурулду. Ошондой эле Каракол шаарындагы этностук топтордун улуттук ыр-бийлери менен коштолгон чакан концерттик программа тартууланды. Иш-чарага жигердүү катышкан уюмдардын өкүлдөрүнө Агенттик тарабынан кызыктыруучу сыйлыктар берилди.

Иш-чаранын жыйынтыгында форумдун катышуучуларынан Ысык-Көл облусунун жашоочуларына кайрылуу кабыл алынды.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...