Акыркы макалалар

Мыйзамсыз чек арадан өткөн өзбек жараны ок жеди

Мыйзамсыз чек арадан өткөн өзбек жараны ок жеди

Кыргыз чек арачылары мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн Өзбекстандык жаранга карата курал колдонду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Сажира Чоколоева кабарлады. Айдаркен чек ара отрядынын кызматкерлери, кыргыз-өзбек чек арасында эреже бузган Өзбекстандык 3 жаранга эскертүү беришсе, алар баш ийген эмес. Андан соң, чек арачылар алар тарапка ок чыгарып, өзбек жарандарынын бири бутунан жаракат алган, башкалары качып кеткен.

Ок тийген аялды чек арачылар тобу ооруканага жеткирип, биринчи медициналык жардам берилген. Азыр ал Кадамжай райондук ооруканасында. Бул ишти облустук аскер прокуратурасы иликтеп жатат.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...