Акыркы макалалар

Жоолук салынган кыздарды Оштун мэри колдоду

Жоолук салынган кыздарды Оштун мэри колдоду

Соңку жылдары мектепке жоолук салынып барган кыздардын маселеси Кыргызстанда өтө актуалдуу болууда. Бул маселе окуу жылы башталаары менен козголот. Кээ бир мектептерде жоолук салынып барган окуучу кыздарды кемсинтип, укугун тебелеп келген болсо, кээ биринде жоолук менен киргенге толугу менен тыюу салынган. Буга мисал катары биз жакынкы күндөрү эле Ысык – Көл облусундагы Ак-Суу районуна караштуу Ак – Булак айылындагы Бегалы Мамытов атындагы орто мектептин 4-классынын окуучусу Айдай Таалайбек кызынын окуясына күбө болгонбуз.

Анын айтымында, аталган мектептин мүдүрү "Эгерде мектепке жоолук салынып келе турган болсоңор, жоолугуңарды өрттөйм",-деп кыздарды коркуткан. Ушундай жаман сөздөрдү уккан окуучу кыздар мектепке барууну токтотушкан.

А бирок, бул бир эле мектептен мисал. Мындай көрүнүштөр Кыргызстанда аз эмес. Мына ушундай көрүнүштөрдөн улам, 24 - сентябрда Ош шаардык мэриясынын аппаратынын жыйынында мэр Мелисбек Мырзакматов тиешелүү органдарга хиджаб кийген окуучулардын укугун тебелебөөнү тапшырды.

«Кыргызстан демократиялык өлкө, бизде дин тандоо эркиндиги бар, бизде мектеп окуучуларынын жалпы формасы тууралуу мыйзам жок. Мейли, мектеп окуучулары кыска юбка кийип, ичимдик ичип ар кандай түнкү клубдарда жүргөнчө, хиджаб кийип, туура диний жолдо жүрүшсүн. Окуу жайларга жоолук салынып, хиджаб кийип бара бергиле, эгерде ким уруксат берди десе, Ош шаарынын мэри уруксат берди деп айткыла! », - деди Мырзакматов жыйында сүйлөгөн сөзүндө.

"Мутакаллим" аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмесине окуу жылы башталгандан бери ата-энелерден 60тай арыз келип түшкөн. Күн сайын 200дөн ашуун телефон чалуулар болуп жатат. Аталган коомдук бирикменин жетекчиси Жамал Фронтбек кызынын айтымында, жаңы окуу жылы башталаары менен мектепке жоолук салынып барган кыздарды кодулоо күч алат. КРнын Илим жана билим берүү министрлигинин буга чейин бардык мектеп жетекчилерине мектепке кыздарга жоолук менен жүрүүгө тыюу салынбагандыгы тууралуу атайын кат дагы жолдогон. Бирок, муну айрыкча мектеп жетекчилери укпай, конституцияга баш ийбей жатат.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...